Бишкек шаардык соту Төрөбай Зулпукаровду камакта калтырды

Төрөбай Зулпукаров

Бишкек шаардык соту 24-августта депутат Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт коюу чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Ал 30-сентябрга чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат.

«Кактус» басылмасы Зулпукаров соттук отурумга онлайн катышканын жазды. Ал арада Бишкек шаардык сотунун алдында Зулпукаровдун ондогон тарапташтары чогулуп, депутатты бошотууну талап кылышты.

Алар «Зулпукаровго эркиндик» жана «Саясий куугунтукка жол жок» деген транспаранттарды көтөрүп чыгышты.

Буга чейин Биринчи май райондук соту «Кумтөр ишинин» алкагында кармалган Зулпукаров жана Асылбек Жээнбековду камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

«Кумтөр иши»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 17-майда Кумтөр кенине байланыштуу төрт сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын кабарлаган.

Атайын кызмат «Кумтөр иши» боюнча экс-премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев, Өмүрбек Бабанов жана Темир Сариев, экс-вице-премьерлер Тайырбек Сарпашев, Алмазбек Баатырбеков, депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талантбек Узакбаев, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана «Кыргызпатенттин» мурдагы башчысы Динара Молдошеваны кармаган.

Кармалгандардын ичинен Сарпашев, Пирматов, Молдошева жана Абылгазиев тергөө абагынан чыгарылышкан. Өмүрбек Бабанов чет өлкөгө дарылануу үчүн Кыргызстандан чыгып кетти. Ал эми Биринчи май райондук соту экс-депутат Талантбек Узакбаевди «Коррупцияга» күнөөлүү деп таап, 300 миң сом айып пул салган.

Мындан тышкары, атайын кызмат Кыргызстандын бозгун президенттери Курманбек Бакиев менен Аскар Акаевге издөө жарыялаган. Ошондой эле издөө Бакиевдин уулу Максимге жана кенди иштетүү келишимдерине байланышы бар бир катар мурдагы аткаминерлерге жарыяланган.

Ал эми 2-августта Аскар Акаев Кыргызстанга келип, УКМКга сурак берип чыккан. Мурдагы президент сурактан чыккандан кийин «Кумтөр» маселеси боюнча көрсөтмө берүү үчүн бир жумага келгенин, иш менен жаңыдан гана таанышып жатканын айткан.

Кийинчерээк Акаев Кумтөрдөгү алтынды өндүргөн канадалык Centerra Gold Inc. менен келишим түзүлүп жатканда ал өкмөттүн аракеттерине көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн кечирим сураган. Ал эми депутат Дастан Бекешев мурдагы президенттин билдирүүсүнө комментарий берип, Кумтөр боюнча жоопкерчиликти «маркумга жүктөө оңой» деп айткан.