Ош АШКсын «Биздин Кыргызстандын» өкүлү Бакыт Алматов жетектейт

Бакыт Алматов

Ош шаарындагы аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп Бакыт Алматов дайындалды. Бул тууралуу «Клоопко» Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Алматов 15-сентябрь күнү добуш берүүнүн жыйынтыгы менен аталган кызматка ээ болгон — ал АШКнын курамына «Биздин Кыргызстан» партиясынан көрсөтүлгөн.

Алматов 33 жашта. Ал 11-июлда өткөн жергиликтүү кеңешке шайлоодо аталган партияда иштеген. Өзү кесиби боюнча журналист, 2019-жылдан 2021-жылга чейин Оштогу «Ынтымак» ТРКсында эмгектенген.

«Биздин Кыргызстан» 11-июлда шайлоочулардын 32% добушун алган. Бирок БШК шайлоодон кийин аталган партияны «добуштарды сатып алган» деп тизмеден четтеткен. Анткен менен партия БШКны Жогорку соттон да утуп, шаардык кеңеште 15 мандатка ээ болду.

«Биздин Кыргызстан» партиясын депутат Айбек Осмонов жетектейт — ал «Мекеним Кыргызстан» жана «Ыйман Нуру» партияларынын да негиздөөчүсү. Осмонов Матраимовдорго «Мекеним Кыргызстан» партиясын тарттырып жибергени айтылып келет. Кийинчерээк Осмонов «Ыйман Нуру» партиясынан тизмесинен да Матраимовдордун «басымынан» улам чыгууга аргасыз болгону айтылган.

Ош АШКсынын бузуулардан улам таратылышы

12-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Ош АШКсынын курамын өзгөрткөн.

Жаңы курамга төрт партиянын өкүлү кирген, алар: «Биримдик Элдик Кыргызстан» партиясынан Бексултан Абдраимов, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан Таалайбек Примкулов, «Биздин Кыргызстан» партиясынан Бакыт Алматов, «Тилектештик» партиясынан Элдияр Исаков.

Ага чейинки курамдын таратылышына шаардык кеңешке аттанган партиялардын тизмесинен аял талапкерлер жапырт чыгарылгандыгы себеп болгон — анда «Биздин Кыргызстандан» 38, «Ата-Журт Кыргызстандан» 31 аял тизмеден чыгарылган.

Мындан сырткары, эки партиядан шаардык кеңешке өткөн алты талапкер мандаттан баш тарткан — анын бешөө аял болгон. Боршайком бул көрүнүштөр «шек жараткандыктан» аны териштирип, натыйжада аял талапкерлерди тизмеден чыгаруу боюнча аларга карата «кысмак» болгону аныкталган.

Ошондой эле «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын депутаты Батиярхан Турсунбаева БШКга кайрылып, мандатынан баш тартпагандыгын билдирген.

11-апрелде Ош шаардык кеңешке шайлоо өткөндөн кийин Расулбек Кадыров тогуз жыл төрагачылык кылган Ош АШКсы таратылган. Буга комиссиянын шайлоодогу көптөгөн мыйзам бузууларга «чара көрбөгөнү» себеп болгон.

Натыйжада Ош шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгы да жокко чыгарылып, 11-июлга кайра шайлоо дайындалган. Шайлоону өткөрүү үчүн Ош АШКсынын жаңы курамы түзүлүп, аны Кушубак Ныязбеков жетектемей болгон.

Анткен менен Ныязбеков Ош АШКсында «айлык маянасы аз болгонуна байланыштуу» төрагачылыктан кетип, анын ордуна ОшТУнун проректору Урмат Аттокуров дайындалган.

11-июлда Ош шаардык кеңешке шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы менен төрт партия шайлоо босогосунан өткөн. Шайлоонун жыйынтыгына ылайык, Ош шаардык кеңештеги 45 мандат төмөндөгүчө бөлүштүрүлгөн: «Ата-Жур-Кыргызстан» — 19, «Биздин Кыргызстан» — 15, «Улуттар Биримдиги» жети жана «Бир Бол» төрт мандат.