Нурбек Исмаиловдун бир тууганы шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» менен катышат

Нурбек Исмаилов / Фархат Исмаилов

Жеке ишкер Фархат Исмаилов парламенттик шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен аттана турганын белгилүү болду. Ал «Ош-Тазалык» муниципалдык ишкананын жетекчиси, спортчу Нурбек Исмаиловдун бир тууган агасы.

Аталган партия УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланышы бар болгону айтылып келет. Бирок Ташиев бул маалыматты четке кагууда.

Фархат Исмаилов партиянын тизмесинде №21 катар номурда жайгашкан. Ал «Алай Инвест» ЖЧКсы жана «Ай-Балта» күзөт агенттигинин негиздөөчүсү.

Исмаилов 2010-жылы президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы негиздеген «Ата Журт» партиясы менен парламеттик шайлоого талапкер болгон. Ал эми 2015-жылы Жогорку Кеңешке шайлоого ал «Кыргызстан» партиясынан аттанып, бирок белгисиз себептерден улам акыркы тизмеге кирген эмес.

Ал эми 2021-жылдын мартында Исмаилов Конституциянын жаңы долбоорун колдогон үгүтчү топту жетектеген. Жаңы Баш мыйзам үстүбүздөгү жылдын 5-майында кабыл алынып, президенттин ыйгарым укуктарын кеңейткен.

Дагы окуңуз: Жаңы Конституция кабыл алынды, эмнелер өзгөрөт?

Исмаиловдорду «калкалаган» «Ата-Журт Кыргызстан»

Фархат Исмаиловдун бир тууган иниси Нурбек Исмаилов жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан катышкан. «Ош-Тазалыктын» башчысы мандат алганы менен жаңы мэрди шайлагандан кийин андан баш тартып койгон.

Анын себебин Исмаилов мыйзамды билбегени менен түшүндүргөн. Ал бир учурда депутат да, муниципалдык ишкананын жетекчиси да боло албайт болчу.

Исмаилов менен бирге мандаттарын «Ош шаар суу каналды» жетектеген Дөөлөтбек Көкөчөров жана «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын башчысы Бекмурза Эргешов да тапшырышкан — алар да «Ата-Журт Кыргызстанга» иштеп мандат алышкан болчу.

Исмаилов менен Эргешов мандаттан баш тарткан соң кайра мурдагы кызматына кайтышкан. Ал эми Көкөчөров ишкананын башкы инженери болгон.

Исмаиловдорго байланыштуу чуулар

2011-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Райкан Төлөгөнов ыктымал Фархат Исмаиловду кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар бардыгын текшерүүнү өтүнгөн. Ал убакытта Исмаилов парламенттик аппаратта иштегени айтылган.

Мындай айып Исмаиловго ошол кездеги спикер Ахматбек Келдибековдун «мыйзамдагы ууру» менен жолугушуусу кызуу талкууга алынган маалда тагылган.

Ал эми Нурбек Исмаилов «Клоопко» курган маегинде анын агасынын кримчөйрөгө «тиешеси жок» деп билдирди. Ошондой эле ал Фархат Исмаиловдун 2011-жылы парламентте иштеп-иштебегенин тактап берүүнү убадалады.

Нурбек Исмаилов «Кличко» каймана аты менен таанымал эрежесиз эр уруштун мушкери. «Азаттыктын» маалыматына ылайык, ал «Адыгине Файтер» спорттук клубунда машыккан. «Ош-Тазалыкка» келгенге чейин Ош шаарынын борбордук базарында салык инспектору жана автобустар паркында жетекчинин орун басары болуп иштеген.

2017-жылдагы президенттик шайлоодо Исмаилов «Адыгине Файтер» клубунун спортчулары менен бирге Ош шаарындагы шайлоо участкаларынын бирин көзөмөлдөгөн. Бир нече ЖМКлардын өкүлдөрү — алардын арасында Ош шаардык мэриясынын мурдагы басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров — Исмаиловдун спортчулары «шайлоону жүрүшүн чагылдырган журналисттерди ур-токмокко алган» деп айыптаган. Бирок иш сотко жеткен эмес.

Кийинчерээк, 2020-жылы Ош шаардык кеңешке шайлоого Исмаилов бийликчил «Биримдик» партиясынын тизмесинде болгон. Бирок коронавирус пандемиясынан улам шайлоо жылдырылган.

Ал эми ошол эле жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо, Исмаилов жетектеген «Ош-Тазалыктын» кызматкери Достук Жолдошов жана Ош аэропортунун кызматкери Манас Алмаматов «Клооптун» журналисттерине кол салган. «Клооп» иликтөө жасап, Жолдошов да, Алмаматов да Нурбек Исмаилов менен бирге машыгып жүрүшкөнүн аныктаган.

Кийинчерээк Жолдошов кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазууга аргасыз болгон. Бирок ал 2021-жылдагы жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодо «Ата-Журт Кыргызстанга» иштеп, талапкер да болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Биримдик» жана мушкерлер. Ошто шайлоодо журналисттерге кимдер кол салган?

Ош: Мамкызматкерлер жана «Биримдик» менен байланышы барларды жыйнаган «Ата-Журт Кыргызстан»