Депутаттар Канат Исаев жана Айнуру Алтыбаева шайлоого катышуудан баш тартты

Канат Исаев / Айнуру Алтыбаева

Депутаттар Канат Исаев жана Айнуру Алтыбаева парламенттик шайлоого катышуудан баш тартканы тууралуу арыз жазышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы 30-октябрда кабарлады.

Исаев талапкерлигин №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан көрсөткөн. Ал эми Айнуру Алтыбаева шайлоого №7 Ош округунан катышмакчы болгон.

Эл өкүлдөрүнөн сырткары парламенттик шайлоого катышуудан дагы жети киши баш тартты, алар:

  • Жаманкул Галдыбаев — №11 Алай шайлоо округу;
  • Абдисаит Каримбеков — №11 Алай шайлоо округу;
  • Санжар Ибраимов — №11 Алай шайлоо округу;
  • Бакыт Бердалиев — №12 Өзгөң шайлоо округу;
  • Максатбек Мамбеткулов — №13 Москва шайлоо округу;
  • Айбек Алыбаев — №19 Токтогул шайлоо округу;
  • Бакыт Кыдыралиев — №21 Талас шайлоо округу.

Боршайком буга чейин парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдардан 321 талапкерди жана 21 партияны каттаган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

Дагы окуңуз: Оппозиция алдынкы катарда. Партиялардын бюллетендеги орундары аныкталды

Исаевдин ИИМге сурак берүүсү

Канат Исаев 2020-жылдын 13-октябрында парламенттин төрагасы болуп шайланган. Ал эми Сооронбай Жээнбеков президенттикти тапшыргандан кийин, өлкө башчынын ыйгарым укуктары Исаевге өтүүсү керек болчу, бирок ал баш тарткан. Мындан улам президенттин милдеттери ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаровго жүктөлгөн.

Ал эми 4-ноябрда Исаев төрагалыктан кетип, президенттик шайлоого катыша турганын билдирген. Үстүбүздөгү жылдын январь айында өткөн президенттик шайлоодо Исаев 0,59% добуш алган.

Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрында Исаев «Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү» беренеси менен ачылган сотко чейинки өндүруштүн алкагында Ички иштер министрлигине сурак берип чыккан. Аны менен бирге бир катар оппозициячыл депутаттар жана саясатчылар да суракка чакырылышкан.

Тергөөнүн жүрүшүнө бир нече маданий ишмерлердин президент Садыр Жапаровго жолдогон каты себеп болгон. Алар «айрым саясатчылар 17-сентябрда 100 миң кишинин катышуусунда митинг өткөрүп, бийликти басып алууга камынып» жатканын билдиришкен.

Мындан сырткары, соцтармактарда «Курсан Асанов, Жанар Акаев жана башкалар бийликти басып алабыз деп сүйлөшкөнүнөн кыскача үзүндү» деген аудио жазуу таратылган. Анда ыктымал Асанов менен «Толубай» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешмесинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев «баш аламандык уюштуруу» тууралуу сүйлөшүүсү жазылган деп айтылат.

Сурак маалында милиция Асанов жана Сарыбаевди кармап, алар камакка алынышкан. Көп өтпөй көз карандысыз эксперттер бул аудио жазуу монтаждалганын аныкташкан. Анткен менен ИИМ муну далил катары тануудан баш тарткан.

Сурак берген депутаттардын бири Жанар Акаев бул сурактын «шайлоо менен байланышы бар» деп билдирген. Ал эми президентке кайрылуу жолдогон маданий ишмерлер кат «бурмаланып калганын» айтышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир ай мурун суракка алынган депутат Бакытбек Жетигенов шайлоого катышуудан баш тартты