«Кумтөр иши»: Экс-вице-премьер Алмаз Баатырбеков 280 миң айыпка жыгылды

Алмазбек Баатырбеков

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Кумтөр ишинин» алкагында кармалган экс-вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбековду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп тапты. Аткаминер 280 миң сомдук айып пулга жыгылды.

Атайын кызмат Баатырбековду үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда кармап, ал УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Бирок көп өтпөй саясатчы тергөө менен кызматташууга барып, үй камагына чыгарылган.

Ошондой эле Баатырбеков 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого №33 Нарын округунан катышып, бирок жеңишке жеткен эмес.

Дагы окуңуз: Жетинчи чакырылышка кимдер келет?

«Кумтөр иши»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 17-майда Кумтөр кенине байланыштуу төрт сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын кабарлаган.

Жогоруда аталгандардан сырткары атайын кызмат «Кумтөр иши» боюнча экс-премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев, Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Жоомарт Оторбаев, экс-вице-премьерлер Тайырбек Сарпашев, Алмазбек Баатырбеков, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана «Кыргызпатенттин» мурдагы башчысы Динара Молдошеваны кармаган.

Ошондой эле күч органдары депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаевди кармашкан.

Мындан тышкары, УКМК Кыргызстандын бозгун президенттери Курманбек Бакиев менен Аскар Акаевге издөө жарыялаган. Ошондой эле издөө Бакиевдин уулу Максимге жана кенди иштетүү келишимдерине байланышы бар бир катар мурдагы аткаминерлерге жарыяланган.

Аскар Акаев алгач 2-августта, кийинчерээк 19-декабрда Кыргызстанга кайтып УКМКга сурак берген. Акаев сурак бергенден кийин мекенинде ага карата мындан ары эч кандай доомат жок экенин жана бардык иштер жабылганын айтып берген. Анткен менен УКМК бул маалыматты төгүндөгөн.

Мындан тышкары, «Кумтөр» ишине байланыштуу экс-депутаттар Талант Узакбаев менен Исхак Пирматов коррупция боюнча күнөөлүү деп табылган. Экөө тең 300 миң сом айыпка жыгылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кумтөр» иши: Депутаттар Жээнбеков менен Зулпукаров абактан бошотулду