Жогорку сот Кылыч Саркарбаевдин ишин кайра кароого жөнөттү

Жогорку сот Ош облустук жана шаардык сотторунун Кылыч Саркарбаев боюнча буга чейинки чечимдерин жокко чыгарды. Бул тууралуу «Клоопко» Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, облустук прокуратура спорт комитетинин мурдагы төрагасы Саркарбаевди «Документтерди жасалмалоо» жана «Шалаакылыктан денеге оор залал келтирүү» беренелери боюнча актаган чечимдерди жокко чыгарып, аны күнөөлүү деп таап, мыйзам чегинде жаза берүү сунуштамасын берген.

Бул боюнча иш Жогорку сотто 25-апрель күнү каралып, биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттордун сот актылары жокко чыгарылды. Ал эми иш кайра кароого жиберилди.

Өткөн жылдын 13-сентябрында Ош шаардык соту Кылыч Саркарбевди актаганы белгилүү болгон. Анда арызданган тарап «айыпталуучунун күнөөсүн далилдеген негиздерди сотко келтирбегени» актоого себеп болгону айтылган.

Бирок прокуратура чечим менен макул болбой, Ош облустук сотуна апелляциялык арыз берген.

Саркарбаевге козголгон иштер

2019-жылдын 22-сентябрында Ош ОИИБи Саркарбаев спортчу Төлөгөн Рахманберди уулун пикир келишпестиктен улам тапанча менен атып жибергенин маалымдаган. Окуя Кара-Суу районунун Фуркат айылында болгон. Аталган факт «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилип, жоон санына ок тийгени аныкталган. Кийинчерээк Рахманберди уулу Саркарбаев менен ага-ини мамиледе экенин айтып, тапанча менен «өзүн-өзү атып алганын» билдирген. Саркарбаев да спортчуну «атпаганын» кабарлаган.

Анткен менен спортчу 14-февралда президентке фейсбук аркылуу видео кайрылуу жасап, кайрадан аны Саркарбаев бутуна тапанча менен атканын айткан. Мындан сырткары, ал Саркарбаев Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн ошондогу башчысы Мунарбек Сайпидинов менен бирге аны «арыз жазба» деп коркутканын билдирген.

Саркарбаев өзү муну төгүндөп, ага карата мындай көрсөтмө берүүсүнүн артында «кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыгы жатат» деген пикирди айткан.

Мындан улам Саркарбаев 2021-жылдын 17-февралында убактылуу иштен четтетилип, кайра августта ишке кайткан. Ош мэриясы Саркарбаев укук коргоо органдарынан Кара-Суу районундагы атышууга «тиешеси жок» деген документтерди алып келгендигин маалымдаган болчу.

Ал эми 2020-жылдын 17-декабрында Саркарбаевди УКМК жасалма паспорт алууга шектеп кармаган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, тергөөнүн жүрүшүндө спорт комитетинин жооптуу кишилери спорттук иш-чараларга кетчү каражатты, спортсмендерге бир жолку берилүүчү төлөмдөрдү жана спортчулардын формаларына делген төлөмдөрдү өзүдөрүнө ыйгарып алышканы аныкталган.

Ал өз каалоосу менен мамлекетке келтирилген 1 миллион сом зыянды төлөп берип, үй камагына чыгарылган.

Коомчулукта Саркарбаев экс-бажычы Райымбек Матраимовдун жакын адамдарынын бири экени айтылат — журналисттик иликтөөлөрдө Саркарбаевке Матраимовго тиешелүү болгон эки компания катталганы ачыкталган.