«Тактыга жеткенде монстрга айланат экен». Жылдызкан Жолдошова президенттик башкарууну сындады

Бишкекте башталган биринчи Элдик Курултайда Кара-Суу районунан делегат, экс-депутат Жылдызкан Жолдошова өлкөдөгү башкаруу системасын сынга алды.

«Бизге президенттик башкаруу болбойт экен. Башынан кандай кыйынчылык өтсө дагы, кимиси болбосун президенттик тактыга жеткенде монстрга айланат экен. Ошол үчүн биздин президенттик-парламенттик башкарууга өтүшүбүз зарыл», — деди Жолдошова.

Аны менен катар, экс-депутат Садыр Жапаровго кайрылып, президенттик башкаруудан баш тартуу маселесине кайрылууга чакырды.

«Сизден кийин кандай адам келет, өлкөнү каякка алып барат?» — деди Жолдошова.

Ошондой эле, Жолдошова коррупция менен күрөштө «депутаттарды коркутпай президент өзүнүн командасынан баштоо» керек деп белгиледи.

Биринчи Элдик Курултай Улуттук филармонияда өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген 1072 делегат катышууда.

Жылдызкан Жолдошова

Жылдызкан Жолдошева Жогорку Кеңештин депутаттыгына 2010-жылы «Ата-Журт» партиясынын катарында келген. Бул партиянын тизмесинде азыркы президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы болгон.

Экс-депутат мурда Садыр Жапаровду жигердүү колдоп келген — ал камакка алынганда Жапаровду колдоо митингине чыгып, бошотууну талап кылган.

Экс-депутат «бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү» иши боюнча Ички иштер министрлигинине 2021-жылдын 16-сентябрында чакырылып, бирок сурак берүүдөн баш тарткан.

Жылдызкан Жолдошова аскер прокуратурасына «Кумтөр» иши боюнча да сурак берген. Ага 2012-жылы алтын кени боюнча депутаттык комиссиянын токтом долбооруна добуш бергени боюнча суроо узатышкан.

2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Жолдошова Ташиевдин «Мекенчил» партиясынын катарында барган. Анткен менен бийлик алмашкандан кийин Жолдошова Жапаровго карата позициясын өзгөртүп, аны кескин сындап баштаган.

2021-жылдагы парламенттик шайлоода Жылдызкан Жолдошова «Азаттык» партиясынын тизмесинде төртүнчү турган. Бирок «Азаттык» партиясы 5%дык босогодон өткөн эмес.

Ошону менен катар, ал уулу жумуштан алынганын айтып, «эч кимдин баласына тийбе, мындай “пастыкка” барба!» деп Садыр Жапаровко кайрылган.