«Кумтөрдү» өнүктүрүү стратегиясы керек, болбосо 2025-жылга барып кен токтоп калышы мүмкүн — Бөлтүрүк

«Кумтөр Год Компанинин» мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк эгер «Кумтөрдү» өнүктүрүү стратегиясын азыртадан баштап иштеп чыгуу башталбаса 2025-жылга барып кендин иши токтоп калышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу Бөлтүрүктүн адвокат Кайсын Абакиров жарыялаган ачык катында айтылат.

Катта «Кумтөр — Кыргызстандын өнөр-жайынын флагманы, өлкөнүн жаңы жетекчилигинин жана президенттин командасынын ийгилигинин же ийгиликсиздигинин символу» экени айтылат.

«Эгерде “Кумтөрдү” өнүктүрүүнүн кылдат ойлонулган жана прагматикалык стратегиясын иштеп чыгууну баштабаса, анда 2025-жылы Кумтөр калдык сактоочу жайлардын толуп калышынан улам ишти токтотууга аргасыз болот, ал эми 7 жылдан кийин алтындын иш жүзүндө тастыкталган запастары аяктайт», — дейт Тенгиз Бөлтүрүк.

Ал кокус андай сценарий болуп кетсе, анда бул өлкө жетекчилигинин зоболосуна катуу сокку болуп каларын, себеп дегенде «“Кумтөрдү” дал ошол президенттин аракетинин арты менен кыргыз элинин менчигине кайтарып алуугу мүмкүн болгон» деп эсептейт.

Мындан тышкары, Бөлтүрүк кенде геолог-чалгынчылар, геотехниктер, инженер-изилдөөчүлөр, жер алдында иштеген тоо инженерлери, долбоордук инженерлер жана менежерлер «абдан жетишсиз» болуп атканын билдирди. Мурда бул кызмат орундарында эл аралык адистер менен консультанттар болгон, азыр болсо тез арада улуттук кадрларды даярдоо керек.

«“Кумтөр” шашылыш түрдө олуттуу өзгөртүүлөргө, технологияларды модернизациялоого, IT технологияларды киргизүүгө муктаж», — деп белгиледи ал.

Кумтөр карьери. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Бөлтүрүк «Кумтөрдү» биржага алып чыгуу пландалганын дагы кошумчалады. Анын айтымында, баштапкы сүйлөшүүлөр жана компанияны Сингапурдагы биржага алып чыгуу боюнча даярдыктар өткөн. Анын күтүлгөн баасы 2024-жылы 6-7 млрд долларды түзмөк.

«Кумтөр Год Компанинин» мурдагы тышкы башкаруучусунун айтымында, акциялардын 30%ын 1,8-2,1 млрд долларга сатуу жакынкы эки үч жылда мамлекеттик бюджеттин таңкыстыгын жоюуга жардам берет жана төмөнкүлөргө жол ачат:

  • кенде жана анын айланасына интенсивдүү геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө, алтындын запасын 600 тоннага чейин көбөйтүүгө, башкача айтканда, кендин иштетүү мөөнөтүн 30 жылга узартууга шарт түзөт;
  • «Кумтөрдө» жаңы алтын өндүрүүчү фабриканы жана жаңы жер астындагы кенди ишке киргизүү ишке киргизүүгө, азыркы калдык сактоочу жайды толугу менен кайра иштетүүгө жана бошотууга, кендин инфраструктурасын сырттан инвестор тартпастан жаңыртып алууга шарт түзөт;
  • «Кумтөрдүн» кирешесинин эсебинен ири өнөр жай (Жетим-Тоо, Балачычкан, Сары-Жаз ГЭСи жана башкалар) долбоорлорун, аларга жыл сайын 250 млн долларга чейин бөлүү менен каржылоого мүмкүндүк түзүлөт.

Бирок, Бөлтүрүктүн айтымында, каржылык бузуулар боюнча «олуттуу айыптар» жана анын камакка алынышы, ошондой эле Кумтөрдүн башка жетекчилеринин камалышы «коомчулукта түшүнбөстүктөрдү жана имиштерди жаратууда».

«Мунун баары инвестициялык иштеги айкындуулук жаатында жалпысынын өлкөнүн беделине терс таасирин тийгизди жана [канадалык компания] Centerra Gold Inc. менен бүтүмгө — глобалдык макулдашууга терс таасирин тийгизип жатат, анткени макулдашуунун негизги оюнчусу жана демилгечиси финансылык бузууларга айыпталып жатат», — деп айтылат катта.

«Кумтөр» улутташтырылгандан кийин бийлик кен мурдагы эле тартипте иштеп жатканын билдирип, алтын өндүрүүнүн көлөмү жогору болуп атканын айтып отчёт беришкен. Алсак, Министрлек кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, 2022-жылы «Кумтөр» кенинде 17,2 тонна алтын өндүрүлгөн, ал эми 2021-жылга карата кенде 10 тонна алтын казылган.

«2021-жылы “Кумтөрдөн” 10 тонна алтын алдык, 2022-жылы бул көрсөткүч 17,2 тоннаны түзгөн, ошол эле учурда, Улуттук банктын маалыматы боюнча, азыр бизде 40 тоннадан ашуун таза алтын калууда. Мындан ары ири кен-байлыктарыбызды мамлекет өзү иштетет, алардан түшкөн кирешелер жалпы элдин муктаждыгына жана стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат», — деген ал.

«Кумтөрдөгү» тышкы башкаруу жана компаниянын жетекчилеринин кармалышы

2021-жылдын 17-майында кыргыз бийлиги «Кумтөргө» сырткы башкаруу киргизген. Бийлик кенди канадалык Centerra Gold Inc иштетип жатканы «жергиликтүүлөрдүн ден соолугуна, өмүрүнө жана экологияга коркунуч жаратат» деген жүйөө кылган.

Анда «Кумтөрдүн» убактылуу сырткы башкаруучусу болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалган. Буга жооп кылып Centerra Кыргызстандын бийлиги «кендеги көзөмөлү дээрлик толугу менен тартып алды» деп Бөлтүрүктү, кийинчерээк Кыргызстандын өкмөтүн да сотко берген.

2022-жылдын 29-июлунда өлкө бийлиги «Кумтөр» толугу менен Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, ушуну менен кыргыз тарап канадалык Centerra Gold Inc. менен «Кумтөр» долбоору боюнча эки айры жолго түшкөн.

Кыргызстан менен Centerra’нын ортосундагы келишим боюнча кыргыз тарап 11 млн доллар дивиденд, ошондой эле 50 млн доллар бир жолку төлөнүүчү кенемте алат. Ошондой эле өлкөнүн башкаруусуна «Кумтөр» кени боюнча Рекультивациялоо фонду өтүп жатат, анын көлөмү болжол менен 53 млн доллар.

Мунун ордуна Кыргызстан 2022-жылдын 4-апрелине карата жалпы наркы $777 млн (978 млн канада доллары) долларды түзгөн Centerra’дагы 26,1% акциясынан баш тартат. Ал эми 24-августта минкаб Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучулугунан четтетилгенин кабарлаган. Бул Эсептөө палатасы кендин ишинде каржылык бузууларды аныктагандан кийин болгон.

Ага карабастан, Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калган. Ал бул кызматка 14-февралда келген. Бирок 2022-жылдын декабрында холдинг жоюлары белгилүү болгон.

Өткөн жылдын 13-сентябрында Башкы прокуратура Кумтөр кенин ишткеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүнүн жыйынтыгында үч кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Компания мамлекетке 1 млрд доллардай зыян келтиргени айтылган.

Ошол эле күнү кечинде Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу жана «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүктү кармаган.

Аны менен кошо камсыздоо боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева менен каржы башкармалыгынын башчысы Рыспек Токтогулов кармалган.

Азыр «Кумтөр Голд Компанини» Алмаз Барыктабасов жетектейт.