«Колдон келбеген эч нерсе жок». Жуманазарова дүйнө чемпионатындагы жеңиши тууралуу
Кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова 7-октябрда эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 68 кг салмак категориясында алтын медалды багындырып, дүйнө чемпиону болду.
Мекенде жумуш жок. Пандемияда Борбор Азиялык мигранттардын турмушу кандай өзгөрдү?
Орусия бийлиги киргизген чектөөлөрдүн айынан миңдеген мигрант жумушунан ажырап, мекенине кайтууга аргасыз болду.
Кытай карызы: Минкаб 51 млн долларды үстөгү менен алты жылдан кийин төлөйт
Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 4-октябрда Экономика жана финансы министрлиги алып чыккан Кытай менен макулдашуунун долбоорун жактырды.
Энергетикалык кризис: Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын сатып ала баштады
Кыргызстан 1-октябрдан баштап Тажикстандан электр энергиясын сатып алып, кошумча электр энергиясын алуу үчүн Орусия менен сүйлөшүү жүргүзүүдө.
Видео: Нарын дарыясы аркылуу өткөн эстакадалык көпүрөгө асфальт төшөлдү
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда Нарын дарыясынан өткөн экинчи эстакадалык көпүрөгө асфальт төшөлдү.
Ош: Ак-Буура дарыясына массалык түрдө аккан балыктар лабораторияда текшерилет
18-сентябрда «Турмуш» басылмасы Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында агып жаткан чала жан балыктарды желим баштыкка топтоп жаткан тургундар тууралуу видео жарыялады.
Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу эмнеге референдумга да таасир этиши керек эле?
Референдум менен жергиликтүү кеңештерди шайлоо бир күндө, бир эле участкада өткөн. Көптөгөн мыйзам бузуулардан улам үч шаардагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды, бирок референдумдун жыйынтыгын күчүндө калды. «Клооптун» дата-бөлүмү эмнеге андай болгонун иликтеди.
Чаткалдын тургундары алтын кенин иштеткен компаниядан компенсация талап кылышты
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунуна караштуу Терек-Сай айылынын 20дай тургуну 8-сентябрда нааразычылык билдирип жөө жүрүшкө чыкты.
Видео: Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган Ала-Тоо аянтындагы аскер парады
Ала-Тоо аянтында 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган аскер парады өттү.
Видео: Баткен шаарында беш дүкөн жана кийим тигүүчү цех өрттөндү
Баткен шаарынын Нургазиев көчөсүндө жайгашкан кийим сатуучу дүкөндөн 30-августка каран түнү өрт чыкты.