Видео

Бишкекте тартылган Райым миллиондун портреттерин мэрия «вандализм» деп атады

Бишкекте белгисиз адамдар коррупцияга каршы кампания башташып, бир нече имаратка «Уурда» жазуусу менен бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун портретин түшүрүштү.

«Сооронбай, от менен ойноп жатасың»: Атамбаев өткөргөн митингинде өкмөттүн отставкасын жана парламенттин таркатылышын талап...

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 3-июлда «Медиа Форум» компаниясынын имаратынын жанына чогулган 500дөн ашуун демонстранттардын алдына чыгып, азыркы президент Сооронбай Жээнбековду тегерегин тазалоого чакырды.

Сот системасынын экс-куратору Арабаев Атамбаевдин жубайына каршы көрсөтмө берди

КТРК мамлекеттик телеканалы 2-июлда атайын репортаж жарыялап, анда президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берген. Раиса Атамбаева — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялы.

Бишкек: ЦУМдун жанында белгисиз адам чет өлкөлүк жаранды токмоктоп кетти

Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматы маалымдагандай, 2-июлда шаардын борборунда орун алган ЦУМдун алдында белгисиз адам Нигериянын жаранын токмоктоп салды.

«Биздин замандын баатыры» — интернетте Матраимовдорду колдогон видео пайда болду

NUR OSH ютуб каналы «Исмаил Ата» фондусунун кайрымдуулук иштерин баяндаган эки тасма жарыялады. Аталган фондду Матраимовдордун үй-бүлөсү башкарат. Ал Кыргызстандагы эң бай жана таасирдүү үй-бүлөлөрдүн бири деп эсептелинет. Тасма ким тарабынан жана качан тартылганы түшүнүксүз.

Кызыл-Кыя: Шаардык архивдин башчысы укук коргоочуну сөктү — видео

23-июнда укук коргоочу Роза Маманова фейсбук баракчасында өзүнө карата кемсинткен сөздөр айтылган видеону жарыялады. Бир мүнөткө жакын созулган тасмада укук коргоочу менен шаардык архивдин башчысынын чыр-чатагы жазылган.

Финполдун башчысы: Матраимов мага тууган эмес, «АКА Петролеум» менен байланышым жок

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бакир Таиров «Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновго интервью берди. Анын айтымында, чет өлкөлөрдө Матраимовдордун мүлктөрү жок. Ошондой эле ал Матраимовдор менен байланышы жок экенин айтып, бул үй-бүлөнүн мүлкүн текшерүүдө эч кандай кийлигишүү болбогонун билдирди.

Бишкек ШИИБи: Милиционер кафеден балтаны отун жарып, тамакты жылытып алыш үчүн сурап алган

Бишкек милициясы Бишкектеги мамрезиденциядан алыс эмес жердеги кафеден балтаны Башкы ички иштер башкармалыгынын (БИИБ) кызматкери алып кеткенин тастыктады.

ШКУ учурунда милициянын формасындагы адам Бишкектеги кафеден балта уурдап кеткен — видео

«Кактус» басылмасы милиция формачан адам кафеден балта уурдап жатканы тартылган видео жарыялады. Видеодо ал адамдын ШКУнун саммити учурунда мамрезиденциядан алыс эмес жерде постто турганы жана ал милициянын майору экени айтылат.

Тамашалуу видео тартуу үчүн «Хонданы» Ысык-Көлгө айдап киргизишкен, милиция машинаны айып короого токтотту

20-июнда интернетте «Хонда» үлгүсүндөгү автоунааны Ысык-Көлгө айдап киргизишкени тартылган видео жарыяланган. Бул тамашалуу тасма тартуу үчүн жасалган. Видеонун сюжети боюнча, машинаны көлгө түшүп жаткан адам тосот. Айдоочу жүргүнчүнү көл үстүндө ыктымал салынган жаңы жол менен Бөкөнбаев айылыны чейин 200 сомго жеткирүүгө макул болот.

Редакциянын тандоосу