Маркум прокурор Мамажакыповдун жакындары Жапаровго кайрылышты

Маркум Анарбай Мамажакыповдун жакындары. Маалымат жыйындан скрин. 

8-декабрда Баткен облусунун прокурору маркум Анарбай Мамажакыповдун жакындары Ош шаарында маалымат жыйын куруп, Садыр Жапаровго жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылышты.

Ошондой эле, алар Мамажакыповду өлтүрүүгө айыпталган Мелис Калыковго карата чыккан чечим күчүндө калтырылып, ТИЗОдон колонияга которулуусун талап кылышты. Ош шаардык соту буга чейин Калыковду күнөөлүү деп таап, аны өмүр бою эркинен ажыраткан болчу.

Маркумдун атасы Кубатидин Мамажакыповдун айтымында, Калыковго карата акыркы чечим чыгуусуна анын жакындары жана өзү тоскоолдук кылып жатат. Уулунун өлтүрүлгөнүнө эки жыл болсо да, Калыков убактылуу кармоочу жайдан сот отурумдарына келүүдөн баш тартып, сот иштерин создуктуруп жатат деген пикирде.

«Биз эки жылдан бери сот отурумдарына Чоң-Алайдан каттай берип чарчадык. Шартыбыз да кээде болбой калып жатат. Калыковдун Дарийка деген эжеси ар жакка барып, баарын башкача айтып жатат. Суранарым ага ишене көрбөгүлө. Калыков уулумду атып өлтүргөн. Садыр Жапаров, сиз соттолгондорго мунапыс берип жакшы иштерди кылып жатасыз, бирок ага бере көрбөңүз», — дейт маркумдун атасы.

Ал эми маркумдун апасы Калыковдун жакындары аларга Бишкек шаарынан үй берүүнү сунуштаганын айтат.

«Калыковдун туугандары бир топ убакыт өткөндөн кийин эки килограмм өрүк көтөрүп барышыптыр, 20 жылга кескенге макул болгула деп. Андан кийин дагы барышыптыр Бишкек шаарында үйү бар, ошону берели деп. Мен уулумду тамга алмашат белем? Кереги жок дедим. Уулумду өлтүрдүбү өмүр бою эркинен ажыратылсын. Мен ушуну суранам», — деп кейиди апасы.

Калыковдун бир тууганы Дарийка Калыкова «Клоопко» Мамажакыповдун үй-бүлөсүнө барганын тастыктады, бирок борбор калаадан үй сунуштаганын төгүндөдү.

«Мамажакыповго куран окутууга чындыгында кийинчерек барганбыз. Анткени аксакалдар ушундай кеңеш беришкен. Дасторкон жасап барганбыз, бирок үй сунуштаган эмеспиз. Бизде андай шарт жок. Бирок алар жасап барган дасторконубузду кабыл алышкан эмес», — деди Калыкова.

Ал эми Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан учурда коронавирус пандемиясына байланыштуу сот отурумдары онлайн өтүп жатканын айтты. Калыков жана анын жакындары онлайн сот отурумдарынан баш тартышкандыктан, анын иши карантин алынгандан кийин уланат.

Прокурордун өлүмү

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 2018-жылы 17-ноябрда киши колдуу болгон. Анын сөөгү эртеси күнү Төрт-Көл суу сактагычынын жанында табылган. Окуя боюнча «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча Калыков Баткен прокуратурасынын кызматкерлери менен аңчылыкка барып, Мамажакыпов менен уруша кетип аңчылык куралын колдонгон.

Калыков өзү күнөөнү мойнуна албай келет. Өткөн жылы ал бир жумадай ачкачылык жарыялаган. Анын жакындары маркумдун өлүмүнө Баткен прокуратурасынын кызматкерлеринин да тиешеси бардыгын, алар күнөөнүн бардыгын Калыковго оодарып жатышканын айтып бир нече жолу нааразылык акциясына чыгышкан.

Мамажакыповдун өлүмүнөн кийин маркум жана шектүү менен кошо аңчылыкка барышкан Баткен прокуратурасынын алты кызматкери ээлеген кызматтарынан төмөндөтүлгөн.

Ош шаардык соту Мелис Калыковду 2019-жылдын ноябрында күнөөлүү деп таап өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге нааразы болгон Калыковдун жактоочулары жана жакындары аппелециялык арыз менен облустук сотко кайрылышкан.

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров 3-ноябрда Баткен облусуна эл менен жолугушканы келгенде Дарийка Калыкова жана анын апасы Гүлбара Абдрашитова кайрылуу жасашкан. Анда Калыкова инисинин иши адилетсиз тергелгендигин жана ишке катыштыгы бар прокурорлор да жоопко тартылуусун талап кылган.

Ал эми Жапаров бул иш боюнча маалыматы бар экенин белгилеп, өз көзөмөлүнө алууну убадалаган. Ош облустук сотунан Мелис Калыковдун иши апелляциялык тартипте каралып жатканын билдирген.

Тема боюнча:

Прокурордун өлүмүнө айыпталган Мелис Калыковдун ишин сот кайра карайт

Прокурордун өлүмүнө айыпталган Мелис Калыковдун иши Ош облустук сотунда каралат

Баткен прокурорунун өлүмүнө айыпталуучунун жакындары судьяны алмаштыруу талабы менен кайрадан митингге чыгышты

Баткен прокурорунун өлүмүнө айыпталуучу ачарчылык кармоону токтотту

Баткен облусунун прокурорунун өлүмү. Маркумдун жакындары тергөөгө нааразы