Тилек Матраимов «Ош газ» ишканасына жетекчилик кызматка 3-мартта дайындалганы айтылды

Тилек Матраимов.

Ош облусунун Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов 3-марттан тартып «Ош газ» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары болуп иштеп жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин техникалык иштер боюнча орун басары Мирбек Маматов «Азаттыкка» билдирди.

Мирбек Маматовдун айтымында, Тилек Матраимов ушул тапта иш сапары менен борбор калаада жүрөт.

Тилек Матраимов «Ош газга» кызматка дайындалганын 25-мартта бир катар ЖМКлар жазышкан. Анткен менен «Газпром Кыргызстан» Матраимовдун дайындалганы тууралуу расмий билдирүү тараткан эмес.

Матраимов мамлекеттик кызматка дайындалганы тууралуу кептер бар экенин Ош шаардык кеңешинин депутаты Хулькар Исамова дагы жазган болчу. Ал аталган кызматта буга чейин Сооронбай Жээнбековдун тууганы Чыңгыз Шарипов турган деп белгилеген.

Тилек Матраимов Кара-Суу районун сегиз жыл башкарган. Ал 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки нааразычылыктар учурунда — 6-октябрь күнү акимдик ыйгарым укуктарын тапшырган. Ошол эле күнү Жалал-Абад облусунун Сузак району аркылуу Өзбекстанга чыгып кетүүгө аракет кылганда чек арадан кармалып, Кыргызстандын УКМКсына өткөрүлүп берилген.

Матраимов алгач атайын кызматтын тергөө абагына киргизилип, кийинчерээк ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан. Ош шаардык соту Матраимовду «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси менен күнөлүү деп таап, 220 миң сом айып салган.

Матраимовдор Кыргызстандын түштүгүндөгү эң таасирлүү клан деп саналат. Ага-инилердин улуусу Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаты.

Ал эми алардын ичинен эң белгилүүсү Райымбек Матраимов мурда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон. Ал — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин бажыдагы коррупция жана аткезчилик, ошондой эле, акча адалдоо боюнча журналисттик иликтөөлөрүнүн башкы фигуранттардын бири.

Тема боюнча:

Ош: Кара-Суунун мурдагы акими Тилек Матраимовго айып салынып бошотулду

ЖМК: Тилек Матраимов «Ош газдын» жетекчисинин орун басары болду

«Супер эс алуу!» Бажычынын байманасы ашып-ташыган жашоосу

Maтраимовдордун Дубайдагы апартаменти

Матраимовдор фондунун бети ачылган донорлору

Иликтөө: Матраимовдун падышалыгы

Матраимовдун бажы империясы