«Парламент тарасын!» Бишкекте жаңы Конституция кабыл алууга каршы митинг өттү

Бишкекте 9-мартта активисттер жана оппозициячыл саясатчылар Ак үйдүн астында жаңы Баш мыйзамдын долбоорун кабыл алууга каршы митинг өткөрдү. Чогулгандардын арасында экс-депутат Исхак Масалиев, «Замандаш» партиясынын мурдагы лидери Жеңиш Молдокматов жана «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова жүрдү.

Нааразычылык акциясы саат 11лер чамасында башталып, митингчилер парламенттин алтынчы чакырылышын таратууну же аларды каржылоону токтотуу талабын да коюшту.

*Конституциянын 70-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттары 5 жылдык мөөнөткө шайланат — парламенттин алтынчы чакырылышы 2015-жылы шайланган. Өткөн жылы болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгы массалык толкундоолордон улам жокко чыгарылган, ал эми жаңы шайлоо бүгүнкү күнгө чейин дайындала элек.

Чогулгандар конституциялык реформа жүргүзүүгө Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттарынын «моралдык укугу жок» болгонун айтып, жаңы Баш мыйзамды жетинчи чакырылыштын депутаттары демилгелеши керек болчу деген пикирин билдиришти.

«Парламент ишмердүүлүгүн токтотушу керек»

Экс-депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы ишмердүүлүгүн токтотушу керектигин билдирди. Масалиев 2020-жылдын май айында депутаттык мандатын тапшырып, парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен катышкан.

«Мен төрт жолу депутат болдум. Туура, кээ бир учурда бирөө бирөөгө кнопка басат, бирөө добушун берет — бирок мынчалык болгонун мен көрө элекмин. Конституция өзгөртүлүп жатканда бирөө бирөөгө [кнопка] баса албайт. Камакта отурган кишинин кнопкасын баспайт. Мамлекеттен качкан кишиге кнопканы баспайт. Бизде так жазылган: эгерде кайсы бир себеп менен жыйынга катыша албасаң сен ишеним катты калтырышың керек [...] Андай жок. Акылбек Жапаров абдан акылдуу жигит экен: “многостановщик” деп койсок болот, чуркап кнопканы басып жүрөт. Бул туура эмес», — деди Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу үчүн референдумду 11-апрелге дайындоо жөнүндөгү мыйзам долбоорду 3-мартта биринчи окууда жактырган. Отурумга расмий түрдө 96 депутат катталган — алардын 87 «макул», тогузу «каршы» болгон.

Анткен менен парламенттин жыйындар залындагы депутаттардын саны кыйла аз болгон — алардын айрымдар келбеген бир нече депутаттардын ордуна да добуш беришкен. Келбеген, бирок «макул» болгон депутаттардын арасында Дүйшөн Төрөкулов дагы болгон — ал учурда УКМКнын тергөө абагында отурат.

Мындан сырткары референдум тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечилери катары каза болгон депутат Алмазбек Акматов жана абакта отурган Кубанычбек Жумалиев да кирип калган.

«Реформанын» лидери Клара Сооронкулова 6-октябрда эл «чимкириктерди бийликке жолотпоо» үчүн чыкканын белгиледи. Бирок, Сооронкулованын айтымында, учурда тескерисинче депутаттардын «саясаттагы жашоосу» мөөнөтсүз узарды. Ал ошондой эле, эл 2005чи, 2010-жылы кандай алданса бул ирет дагы ошондой эле алданып калганына токтолду.

«Эмне үчүн булар кетпейт? Эмне үчүн булар тарабайт? Өзүңөр ушундай суроо берип көргүлөчү. Ушуларды кетире турган күч жокпу? Мөөнөтү бүттү, тараш керек. Анткени буларды төңкөрүш кылып бийликке келген адамдар курал катары колдонуп жатат [...]. Элдин өкүлү болгондон кийин элдин кызыкчылыгын ойлобостон булар тескерисинче бийликтин баарын Баш мыйзам аркылуу төңкөрүш менен келген адамдардын колуна өткөрүп бергиси келип жатат», — деди Сооронкулова.

Ал ошондой эле, жаңы Конституция элдин талабы менен эмес, Жапаров 8-октябрда ушундай сунуш киргизгени үчүн кабыл алынып жатканын кошумчалады. Сооронкулова жаңы Конституция боюнча президентти эч ким көзөмөлдөй албаганына нааразы болду.

«Депутаттарды жана президентти сотко беребиз»

Жеңиш Молдокматов

Саясатчы Жеңиш Молдокматов өлкө башчыга кайрылуу жасап, ал бийликке келгенден тарта өзгөрүүлөр болбогонуна нааразы болду.

Молдокматов 7-январда «Замандаш» партиясынын төрагалыгын Аскарбек Өмүракуновго өткөрүп берген. Ал бул кадамын Садыр Жапаровду кескин сындаган билдирүүлөрү «партияга терс таасирин тийгизбеши» үчүн жасаганын айткан.

Ал андан сырткары «Жапаровдун келгенине 1,5 - 2 ай болду» дегендерди сынга алды,

«Сиздин бийликке келгениңизге жарым жыл болду, толугу менен алты ай болду. Эмне өзгөрдү? Эч нерсе өзгөргөн жок. Эмне реформа болду? Эч нерсе болгон жок [...] Сизди мамлекеттин башчысы деп коёт, мамлекетти өнүктүрүү жол картасын элге бериңиз. Биз бардыгыбыз жарым жылдан бери “мамлекет каякка баратат?” деген ой менен жашап калдык», — деди Молдокматов.

*Молдокматов «жол картасы» деп экономикалык, кадрлар жана саясий реформалар тууралуу маалымат камтыган программаны айтты.

Кийинчерээк Молдокматов журналисттерге курган маегинде бул митинг мөөнөтсүз болгонун жана ал уланарын билдирди. Ал ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президентти сотко бере турганын кошумчалады.

«“Ханституцияга каршы борбор” түзүлгөн, ошонун ичинде саясий күчтөр, жарандык активисттер жана башкалар бар. Биргеликте, персоналдуу түрдө депутаттарды жана президентти [бийликти] узурпация боюнча сотко беребиз — ар бирин бирден», — деди Молдокматов.

Жаңы Конституция

Учурдагы өлкө башчысы Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү маселеги жигердүү талкуулана баштаган. Баш мыйзамдын биринчи версиясы 2020-жылдын 17-ноябрында жарыяланган. Бирок президенттин колунда эбегейсиз бийлик топтолгону үчүн кескин сындалып, «Ханституция» деген атка конгон.

Андан кийин ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүп, курамына жүздөн ашуун адам кирген. Алардын көпчүлүгү Садыр Жапаровдун идеялаш жана тикелей тарапташтары, юристтер, Конституциянын жаңы версиясынын автору деп фамилиялары көрсөтүлгөн депутаттар, манас таануу, кыргыздардын руханий дүйнөсү жана салттуу билим боюнча адистер, коомдук ишмерлер.

Кеңешменин курамына бир дагы ачык оппонент кирген эмес. Бир катар юристтер кеңешменин легитимдүүлүгүнөн күмөн санашкан, бирок алар иштөөсүн улантып, Конституциянын жаңы долбоорун даярдашкан.

Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин сайтына 9-февралда жарыяланган. Жарандык коомдун нааразылыгынан кийин, долбоорду парламент караганга чейин эле коомдук талкууга койгон.

Бирок бул версия да өзүндө бир катар так эместиктерди, укуктук коллизияларды жана адам укуктарын бузууларды камтыйт. «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери долбоорду талдап, аны парламентте кароо үчүн өтө чийки жана аягына чейин иштелип чыккан эмес деп табышты. Кыргызстан юристтер коомдоштугу сыяктуу, «Адилет» клиникасы да Башмыйзамдын жаңы долбоорунун текстин өтө кылдат окуп чыгууну, кайрадан иштеп чыгууну жана эл аралык келишимдерге жана дүйнөлүк укуктук нормаларга ылайык келтирилишин өтүнүүдө.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент өкмөттү да башкарат, депутаттар азаят, цензура болушу мүмкүн — Конституциянын жаңы долбоору

Эксперттер: Конституциянын жаңы долбоорун кароодо процедура сакталган жок