Олимпиада. Спортчулардын бир бөлүгү Кыргызстанга кайтып келди
Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарына катышкан кыргыз спортчуларынын бир бөлүгүн «Манас» эл аралык аэропортунда алардын жакындары, күйөрмандары жана бийлик өкүлдөрү тосуп алды.
Кыргызстанда бир нече адам COVID-19га каршы вакцина албоого үндөп фейк маалымат таратууда
Алардын айтымында, вакцинация бул «жер планетасында жашаган элдин санын азайткысы келген глобалисттер менен масондордун планы».
«АПА» ДЕП КЫЙКЫРДЫ!
Айзаданын апасы кызын өлтүрүүгө көмөкчү болгондорго татыктуу жаза берилиши үчүн күрөшкүсү келет.
Таласта тойдон кийин классташын бычактап өлтүргөн киши 10 жылга кесилди
Талас шаардык соту калаадагы дүкөндөрдүн биринде классташына бычак сайып өлтүргөн тургунду 10 жылга кести. Өкүм Жогорку соттун сайтында 20-майда жарыяланды.
Фактчек: Зомбулукка каршы митингди үзгүлтүккө учураткандардын башында милиционерлер турган
Иликтөөчү журналист Болот Темиров өзүнүн Youtube-каналында ИИМдин алдында өткөн 15-апрелдеги зомбулукка каршы митингди кимдер үзгүлтүккө учуратканын ачыктады.
Сегизбаев 25-майга чейин камакта калтырылды
«Абдил Сегизбаев 25-майга чейин камакта калды. Мен аны ТИЗОдо кармоого эч кандай негиз жок деп эсептейм. Ал эч жакка качып кетпейт, бала-чакасы бар, туруктуу жашаган жери бар», — деди Сегизбаевдин адвокаты Кантемир Турдалиев.
«30 жылдан бери тоношууда!». Ырчы Примбердиев соцкөйгөйлөр тууралуу клип чыгарды
Ырчы Кайрат Примбердиев «Кайдыгер караба» деген ыр жаздрып, өлкөдө болуп өткөн окуялар тууралуу клип чыгарды.
Активисттерге карата куугунтук менен аңдуулар эл өкүлүн кыжырдантты
Жогорку Кеңештин 25-марттагы отурумунда депутат Дастан Бекешев өкмөттү өлкөдөгү көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн «жолдорун жана багыттарын берүүгө» чакырды. Анын айтымында, азыркы учурда Кыргызстан кезектеги кризиске кептелип жаткан маалда, укук коргоо органдары активисттерге жана «добулбас каккандарга» каршы күрөш жүргүзүү менен алек.
Тез жардам кызматынын унаасы катышкан жол кырсыкта эки адам каза болду
Бишкек ㅡ Нарын ㅡ Торугарт жолунун 90-чакырымында тез жардам кызматынын унаасы катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу 15-мартта «Клоопко» Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Муфтияттагы миллиондор. Ажылыкка делген акчалар кайда жумшалган?
«Азаттык» 10-мартта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчилиги ажылыкка чогултулган каражаттар тууралуу иликтөөнү жарыялады.