Азаттык: 10 жылда Ош өзгөрдү
Бул тасма жаңжал жөнүндө эмес — бул тасма Ош шаарынын жашоо ыргагы жана тынчтыгы жөнүндө.
ССМ Соль-Илецктен келгендердин дээрлик бардыгын үй карантинине чыгарды
Кыргызстанга кайтып келгендер үчүн обсервация уюштурулган мурдагы «Ганси» авиабазасында нааразычылыктар жаралды. Ал жакта Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайтып келген кыргызстандыктар обсервациядан чыгарууну талап кылышты.
Милиционер парктагы адамдарды тапанча менен таркатууга аракет кылган, алар санитардык эрежелерди сактабай жүрүшкөн —...
17-май күнү Чолпонбай Түлөбердиев атындагы паркта жүргөн адамдарды кайгуул милициясынын кызматкери табелдик тапанча менен таркатууга аракет кылган.
Карантинде көрүңүз: Оренбургдагы мигранттардын чатыр лагери
«Азыркы учур» басылмасы Орусиянын Оренбург облусундагы мигранттардын лагерине барып кайтты. Ал Казакстан менен чектеш аймакта жайгашкан.
Саймаитинин өлүмү тууралуу иллюстрацияны бөлүшкөн жаранга «түшүндүрүү иши» жүргүзүлдү
Кыргызстандык Али Шабдан ага эки киши келип, анын кагазга бастырылып чыгарылган постторун көрсөтүшкөнү тартылган видеону жарыялады. Видео Таласта тартылган. Видеодогу кишилердин бирөөсү милиция капитаны Кубат Самудиновдун атына жазылган документти көрсөткөн.
Карантинде көрүңүз. Бишкектин таштанды талаасында иштегендердин окуясы
Ал Бишкектеги таштанды төгүлгөн жайда таштанды чогултуп, аны сорттоп акча таап иштеген адамдар тууралуу тасма. Алар видеодо эмне үчүн бул талаага иштегени келишкенин, буга эмне түрткү болуп, эмне үчүн алардын ишинде уяттуу эч нерсе жоктугун айтып беришет.
«Аль-Жазира» УКМКнын медиктерге жана жарандарга жасаган кысымы тууралуу сюжет чыгарды
Эл аралык «Аль-Жазира» телеканалы Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин карама-каршы ишмердиги тууралуу сюжет чыгарды.
Кимсанов: Матраимов Али Токтакуновду «тирүүбү-өлүүбү» мага алып келесиңер деп буйруган
Экс-бажычы Эмилбек Кимсанов билдиргендей, бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов «Азаттык» радиосунун иликтөөчү журналисти Али Токтакуновду «тирүүбү-өлүүбү мага алып келесиңер» деген буйруктарды берген.
Санкт-Петербургда теракт боюнча соттолгон кыргыз атуулдары тууралуу «Дождь» басылмасынын тасмасын көрүңүз
«Дождь» басылмасы Санкт-Петербург метросундагы теракт үчүн соттолгондор тууралуу тасма тартты — жардыруу 2017-жылы болгон. Жардырууда 16 адам, анын ичинде айыптоо жанкечти деп эсептеген Кыргызстандын атуулу Акбаржон Жалилов ажал тапкан.
«7000 метр бийиктиктеги максат». Кыргыз альпинисттери кантип дүйнөдөгү биринчи Кышкы ак илбирс боло алышты?
Бул мини тасма альпинисттердин көксөп жүргөн Кышкы ак илбирс наамын алууга карай жолдо кандай кыйынчылыктарга туш болушканын айтып берет.