Видео

Жеке ишкер Саймаитини өлтүрүүгө шектелгендер кармалды

Түркиянын полициясы 12-ноябрда ишкер Айэркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелген үч адамды кармады. Аны 10-ноябрь күнү Стамбулда атып кетишкен.

Солтон-Сарыдагы жек көрүү жана коркунуч. Кытайдан бизге, бизден Кытайга эмне керек?

0
«Клооптун» журналисттери эмне үчүн кытай компаниялары Кыргызстанга акча салып жатышканын жана эмне үчүн бул кыргызстандыктарга жакпаганын түшүнүү үчүн окуя болгон жерге барып кайтышты.

Бир цитата менен: Рыспаев парламентке бутуна турган адам келиши керек деп билдирди

Рыспаев «Клоопко» курган маегинде билдиргендей, парламентке келе турчу талапкерлер эмгек жолунан өтүп, камсыздалган болушу керек. Анын айтымында, ал депутаттардын бизнеси бар болушу керек деген ойдо айткан эмес.

Жээнбеков — журт атасы, Матраимов — уулумдун өкүл атасы. Келдибеков дагы эмнелерди айтты?

Экс-спикер бир саатка созулган интервьюсунда келе жаткан 2020-жылдагы парламенттик шайлоого карата пландары тууралуу, ошондой эле президент Сооронбай Жээнбековго болгон мамилеси жана бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштары тууралуу сөз кылган.

Кыргызстан Монголияны утуп, тайпасында экинчи орунга көтөрүлдү — 2022 дүйнө чемпионатынын тандоо баскычы

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Улан-Батор шаарында Монголия командасын 2:1 эсебинде утуп, 2022-жылы өтө турчу дүйнө чемпионатынын тандап алуу баскычынын алкагында өзүнүн алгачкы конокто ойногон беттешин утуп алды.

Ырчы Токтакунова «Супер-Инфого» ала качуудан кийинки жашоосун айтып берди. Макалада эмне туура эмес?

Сарышкин же Yella деген каймана аттары менен белгилүү болгон ырчы Назгүл Токтакунова «Супер-Инфо» гезитине маек курду. Ал күйөөсү Кубаныч Бакытов турмуш куруу максатында аны ала качып кеткенин айтып берди.

«Оюнчук эмес». Политех жана медакадемиянын студенттери Кыргызстандагы алгачкы бионикалык протезди кантип жасашты

Бир жыл мурда ЖМКлардын бардыгы Кыргызстандагы биринчи бионикалык протездин ойлоп табуучулары тууралуу жазып чыгышкан.

Жолтандабастар Кадамжай милициясынын короосунда тапшырылганы тастыкталды

Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы Дамира Юсупова Chevrolet Suburban үлгүсүндөгү эки жолтандабасты Кадамжай РИИБинин короосуна 7-октябрь күнү кечке маал алып келишкенин «Клоопко» кабарлады.

Атамбаевдин экс-жансакчысы, эки жолтандабас жана милицияга белек. Эмне болуп жатат?

Социалдык тармактарда жана айрым кыргыз тилдүү ЖМКларда 8-октябрда Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев укук коргоо органдарынын кызматкерлерине Chevrolet Suburban жолтандабасын белекке бергени тууралуу маалымат тараган.

Райымбек Матраимов Бишкекте футбол кечесине катышты — буга чейин агасы Түркияга кеткенин айткан

Бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 7-октябрда Бишкекте болуп өткөн футбол кечесине келген коноктордун арасында байкалган. Матраимов футболчулар менен учурашып, алар менен кошо сүрөткө түшкөн.

Редакциянын тандоосу