Видео

«Инфокомдун» ыктымал экс-башчысы тендер боюнча 20 миң $ пара алганын мойнуна алды

«Инфокомдун» мурдагы башчысы Талант Абдуллаевдин ыктымал сурагы тартылган видео YouTubeда 7-октябрда жарыяланган. Видео кайда жана качан тартылганы белгисиз.

Талас: Милиция 16 жаштагы кызды ала качуу делген видеону текшере баштады

Фейсбуктагы «Беспредел KG» тайпасында 7-октябрда кыз ала качуу тартылган видео пайда болгон. Видеонун түшүндүрмөсүндө окуя Таласта болгону, ал эми кыз 2003-жылы туулганы, жашы болгону 16да экени, андан тышкары, аны 35 жаштагы киши мажбурлап никеге тургузуу үчүн ала качып кеткени айтылган.

Назик Матраимованын атынан жазылган «фейк пост». Эмне белгилүү?

Сентябрь айынан аягында депутат Искендер Матраимовдун тууганы Назик Матраимованын «Хаятт» мейманканасында туулган күнүн майрамдап жатканы тартылган видео пайда болгон. Бул видеонун пайда болушу коомдун бүйүрүн кызыткан.

Матраимовдун тууганы туулган күнүн «Хаятта» белгиледи. Эми ал «депрессияда». Түшүндүрөбүз

Социалдык тармактардын кыргыз сегменти эки күндөн бери Назик Матраимованын туулган күнүн кызуу талкуулап жатат.

Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Кыргыз спортчусу Айсулуу Тыныбекова Нур-Султан шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Муну менен ал Жапонияда 2020-жылы өтө турчу жайкы Олимпиада оюндарына катышууга лицензия алды.

Видео: Милиция чек арадагы чырга байланыштуу Бишкектеги митингдин төрт катышуучусун кармады

20 адам катышкан митинг 17-сентябрда Бишкекте болуп өттү. Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулгандар «кандайдыр бир жер берүү же алмашуу сыяктуу эпке келүүлөрсүз жаңжалды жөнгө салуу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүүнү» талап кылышты.

Бишкек: Жүргүнчүнү кууп чыккан троллейбустун айдоочусу жумуштан алынды

Окуя №11 троллейбуста болгон. Айдоочу менен жүргүнчүнүн ортосундагы уруштун видеосу «Инстаграмга» чыгарылган.

Бишкектеги жол кырсыгы төрт адамдын өмүрүн алды

Жүргүнчү ташуучу №8 автобус менен жеңил автоунаанын кагылышуусунун натыйжасында төрт адам каза таап, дагы жетөө жаракат алды.

Талас: Окуучулар авариялык абалдагы мектепте окууга мажбур — имарат 10 жыл мурда эле кооптуу...

Талас облусунун Миң-Булак айылындагы жаңы мектептин курулушу 2015-жылы эле башталганы менен төрт жыл ичинде имараттын болгону фундаменти менен биринчи кабаттын дубалы гана тургузулган. Учурда окуучулар билим алууга мажбур болуп аткан мектеп 2009-жылы авариялык абалда деп табылган — бул деген эгер кокус жер титирөө болсо имарат кулап калышы мүмкүн дегенди айгинелейт.

Атамбаев УКМКнын терезесинен тарапкерлерине кол булгап жатат — видео

«Апрель» телеканалы видео жарыялап, анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев колдоо көрсөтүү үчүн УКМКнын имаратынын алдына келген тарапташтарына салам берип жатканы тартылган.

Редакциянын тандоосу