Камчыбек Ташиев: «Жапаровду бекитүүдө мыйзамдын бир да тамгасы бузулган жок»

Камчыбек Ташиев

«Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев «Жетинчи каналга» маек куруп, Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитүүдө «мыйзам бузулган жок» деп билдирди.

«Элге бурмаланган, жалган, атайын провокация жыттанган маалымат таркатып жатышат. Садыр Жапаровду бекитүүдө мыйзамдын бир да тамгасы бузулган жок. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында кворумду камсыз кылуу, документтердин мыйзамдуу болушунун үстүндө мыйзам чыгаруу бутагынын бүтүндөй аппараты иштеген. Алар ар бир депутаттын катышып олтурганын тастыктап бүткөндөн кийин, жыйын ишин баштаган», — деди Ташиев.

Буга чейин бир нече депутаттар жана юристтер Жапаровдун премьерлигин легитимсиз деп атаган. Саясатчылар Садыр Жапаровдун премьерлиги жактырылып жатканда бир нече бузуулар болгонун айтышкан — алардын эң негизгиси депутаттардын кворум сакталган эмес. Ошондой эле айрым депутаттарга «Жапаровду шайлоого буйрук берилип», «коркутуулар» болгону кабарланган.

Жогорку Кеңештин депуттары Жапаровду өкмөт башчылыкка эки жолу бекитүүгө чогулушкан. Биринчи жолу 6-октябрда «Достук» мейманканасында 35ке чукул депутат чогулуп, дагы 26 депутат ишеним каттарды бергени айтылган. Экинчи жолу 10-октябрда 54 эл өкүлү президенттин «Ала-Арча» резиденциясында кезексиз жыйын өткөрүшүп, Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырышкан. Ошондой эле он депутат ишеним кат жибергени кабарланган.

«Азыркы учурда парламенттин жыйынында кворум жоктугун айтып чыккан адамдардын башкы максаты — өлкөнү кайрадан башаламандыкка алып келүү окшойт. Мисалы, Канат Исаев ЖК жыйынында кворум бар-жоктугун өзү катышпаган соң кайдан билет? Өлкөдө абал курчуп, баарын мыйзам талаасына кайтарууга аракет кылып жүргөн маалыбызда Исаев өзү каякта жүрдү эле? Депутаттык милдетин аткарып, кетеринде жок дегенде элге бир жакшы иш кылып кеткендин ордуна минтип, тескери аракет жасаганга өттү», — деди Ташиев.

*Буга чейин «Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев «Ала-Арча» резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында «кворум болгон жок, андыктан жыйын мыйзамдуу күчкө ээ эмес» деп билдирген.

Ташиев Садыр Жапаровду «элдин тандоосу» экенин билдирип, ага каршы чыккандардын аракеттеринин артында «чоң провокация» жатканын белгилеген.

«Мен эскертүү катары айтайын, эгерде Канат Исаев, Аида Касымалиева жана башкалар арам оюндарын токтотпосо, ачыгын айтканда, кыжырданып турган элдин алдында жеке керт башы менен жооп беришет!» — деп оюн жыйынтыктаган Ташиев.

Ташиевдин «Мекенчил» партиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо 7 пайызга жетип-жетпеген добуш алган. Аталган партиянын талапкерлер тизмесинде Садыр Жапаровдун бир тууганы — Сабыр Жапаров — экинчи орун менен барган.

Ал эми Садыр Жапаров буга чейин 2010-жылы Камчыбек Ташиев менен биргеликте «Ата Журт» партиясынан парламенттин бешинчи чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Мындан эки жыл өткөндөн кийин «Кумтөрдү» улутташтыруу митингинде Жапаров, Ташиев жана Талант Мамытов Ак үйдү «басып алууга» аракеттенишкен делип бир жарым жылга эркинен ажырашкан. Бирок экинчи инстанциядагы сот аларды толугу менен актаган.

Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаров

Ал эми 2013-жылдын июнь айында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу үчүн митинг учурунда митингчилер ошол учурдагы губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган. Укук коргоо органдары бул митингди Жапаров уюштурганын айтып, ага «Барымтага кармоо» беренеси боюнча айып тагылган. Жапаров өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Ал эми 2017-жылы Жапаров кыргыз-казак чек арасында колго түшүп, 2018-жылы сот аны митингди каржылоого күнөөлүү деп тапкан. Сот Жапаров митингчилерди башкарып турган жана Эмилбек Каптагаевди барымтага алгыла деп митингчилерге буйрук берген деп, экс-депутатты 11,5 жылга эркинен ажыраткан.

Кийинчерээк Жогорку сот бул мөөнөттү бир жарым жылга кыскарткан.

Каптагаев өзү болсо Жапаровго эч кандай дооматы жок экенин айтып, саясатчынын ишин кайра карап чыгууну сураган. Өткөн жылдын ноябрь айында Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сураган.

Камчыбек Ташиев бул парламенттик шайлоого чейинки дебаттарда Садыр Жапаровду абактан бошотууга аракет жасай турганын айткан. Ал эми Жапаров 6-октябрга караган түнү шайлоо жыйынтыгына нааразылардын митинггинен кийинки башаламандыктын натыйжасында тарапташтары тарабынан бошотулган. Анын иши кайрадан териштирүүгө жөнөтүлдү.