Сузакта 18 жаштагы кызды уурдоого шектелип үч киши кармалып, бирөөсү бир айга камалды

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кыз ала качууга шектелип үч киши кармалды, дагы бирөө изделүүдө. Шектүүлөр 18 жаштагы кызды уурдап, андан кийин жарым жолдон түшүрүп изин жашырып кетишкен.

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдагандай, кармалгандардын ичинен 17 жаштагы «Бека» аттуу бала кызды никеге мажбурлап тургузуу үчүн уурдаган. Ал бир айга камакка алынды.

Ал эми уурдоого катышкан калган эки киши тергөө кызматына сурак берип бошотулган.

Кызды мындан бир апта мурун 21:30 чамасында төрт киши үйүнүн алдынан Daewoo Matiz унаасы менен уурдаган. Жалал-Абад шаарынын Дача участкасына жеткенде кызга «турмушка чыгасыңбы же каласыңбы» деп суроо узатышкан. Кыз каршылыгын көрсөткөндө аны унаадан түшүрүп, качып кетишкен.

Daewoo Matiz унаасы далил буюм катары айып короого киргизилди. Ошондой эле, кыздын жаракат алып-албагандыгын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Аталган факт «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси менен катталып, тергөө амалдары улантылууда.

Айзаданын өлүмү

5-апрелде Бишкек шаарынын Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Замирбек Теңизбаев жана анын үч шериги тарабынан Айзада Канатбекова уурдалган. Кийинчерек Канатбекова менен Теңизбаевдин сөөгү Аламүдүн районундагы талаадан табылган.

Теңизбаев алгач Канатбекованы муунтуп, андан кийин өзүн өлтүргөн.

Айзаданын өлүмү коомчулукта резонанс жаратып, Бишкек жана Ош шаарларында маркумдун урматына зомбулукка каршы митинг өткөн. Көпчүлүк ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун жана Бишкек ШИИБдин жетекчиси Бакыт Матмусаевдин отставкасын талап кылышкан.

Айзаданын жакындары да милиционерлерге нараазы болушуп, аларга чара көрүлүшүн талап кылышкан. Кыздын энеси Назгүл Шакенованын сөзүндө, тергөөчүлөр «сарсанаа болбогула, ачуу басар келет, той жейсиңер» деп айткан. Ошондой эле маркумдун жакындары шектүү Айзаданы буга чейин да уурдоого аракет кылып, артынан коркутуп жүргөнүн маалымдашкан.

Шакенованын айтымында, ал Биринчи май РИИБисинде арыз менен кайрылганда бала кызынын артынан аңдып жүргөнүн жана анын «психикалык саламаттыгынан күмөн санаганын» да белгилеген. Бирок ага карабастан убагында чара көрүлгөн эмес деп эсептейт.

Кийинчерээк Канатбекованы уурдоого катыштыгы бар деп шектелген төрт киши кармалган. Ошондой эле прокуратура милициянын аракеттерин иликтей баштаган. Ал эми 10-апрелде ИИМдин 12 кызматкери иштен алынып, дагы 32си жазаланды — Бишкек ШИИББинин жетекчиси Бакыт Матмусаев жана Тергөө кызматынын начальниги Нурлан Утемисов бар.

Тема боюнча:

Сузак: 18 жаштагы кызды уурдап, жарым жолго таштап кеткендер изделүүдө