Камчыбек Ташиев Бишкекте УКМКнын кезектеги имаратын ачты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкекте салтанаттуу түрдө УКМКнын кезектеги жаңы имаратын жана Атайын кызматтын ардаргерлеринин кеңешинин мүчөлөрү үчүн курулган имаратты ачты. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

УКМКдан имараттарды ачылыш аземи 18-агустта өткөнүн билдиришти. Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, комитеттин жетекчилиги жана башкармалыктын өздүк курамы катышты.

Жаңы курулган имарат кызматкерлер үчүн толугу менен зарыл болгон заманбап техника менен жабдылганы айтылды.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын август айында дагы улуттук коопсуздук органдары үчүн жаңы имараттын ачылышы болгон. Анда иш-чарага президент Садыр Жапаров дагы катышкан.

Жапаров имараттын ачылышында мамлекет УКМКнын материалдык-техникалык базасын жакшыртып, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн «зарыл болгон бардык иш-аракеттер аткарылып жатканын» айткан.

Мындан тышкары, бийлик, президенттин айтымында, чекисттердин кызмат өтөөсүнө зарыл шарттарды түзүп, айлык акыларын жогорулатуу жана турак жай менен камсыз кылуу үчүн тийиштүү иштерди иш алып барып жатат.

Президент буга чейин да, май айында УКМКнын кезектеги имараттарынын биринин ачылышына катышкан. Бирок анда жаңы имарат кай жерде жайгашканы айтылган эмес.

2021-жылдын сентябрынан тартып бийлик өлкөнүн ар аймактарында УКМКнын кызматкерлери үчүн жаңы имараттарды ача баштаган. Андан бери өлкө боюнча чекисттер 10 жаңы имаратка ээ болду.

Атайын кызмат үчүн жаңы имараттар төмөнкү облустарда ачылган:

2022-жылдын 3-мартында Бишкекте УКМКнын академиясы курула баштаган.