УКМКнын Базар-Коргон районундагы бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлдү

26-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлдү. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты.

Имараттын ачылышына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, депутат Айбек Алтынбеков, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, атайын кызматтын ардагерлери жана өздүк курамы катышты.

УКМКдан жаңы имаратта кызматкерлер үчүн бардык шарттар бар, заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалган деп белгилешти.

«Камчыбек Ташиев жаңы имаратты көрүп чыгып, улуттук коопсуздук кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткаруу багытындагы талаптарды эскертип өттү», — деп белгилешти атайын кызматтан.

Август айында ушуна менен УКМКнын жаңы үчүнчү имараты ачылып жатат. Буга чейин, 18-августта Ташиев Бишкекте УКМКнын жаңы имаратын жана атайын кызматтын ардаргерлер кеңешинин мүчөлөрүнө курулган жердин ачылышын жасаган.

2021-жылдын сентябрынан тартып бийлик өлкөнүн ар аймактарында УКМКнын кызматкерлери үчүн жаңы имараттарды ача баштаган. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 3-мартында Бишкекте УКМКнын академиясы курула баштаган.

УКМК үчүн курулган жаңы имараттар:

Бишкек шаары;

Бишкек шаары;

Жалал-Абад облусунун Ноокен району;

Жалал-Абад облусунун Сузак району;

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району;

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары;

Жалал-Абад облусундагы Аксы району;

Ош облусунун Алай району;

Ош облусунун Өзгөн району;

Нарын облусунун Ат-Башы району;

Талас облусунун Манас району.