Депутат Түмөнбаев: Бөлтүрүктү ашыкча маалымат чыгып кетпесин деп камакта кармап жатышат

Депутат Акылбек Түмөнбаев парламенттин жыйынында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктү ашыкча маалыматты айтып салбашы үчүн абакта кармап жатышканын билдирди.

Эл өкүлү бир кезде Бөлтүрүк үчүн минкабдын башчысы Акылбек Жапаров жоопкерчилик алганын эске салды.

«“Кумтөрдү” жетектеген Теңгиз Бөлтүрүктү Акылбек Үсөнбекович келип ал үчүн жооп берерин айтып, дайындаган эле. Бүгүнкү күнү ал кишини маалымат чыгып ктпесин деп тез аранын ичинде кармап, камакта кармап отурушат», — деп билдирди Түмөнбаев.

Акылбек Жапаров мурда, 14-сентябрда, Бөлтүрүктүн кармалышы боюнча оюн билдирип, анын күнөөсү бар-жогун сот гана далилдей алат деп айткан.

«Азыр Башкы прокуратура, ИИМ жана УКМКнын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлдү. Бул эсеп палатасынын алдын ала чыгарган маалыматынын негизинде болду эле. Азыр эми Кудай деп туралы. Мындайлардын далайын башыбыздан өткөргөнбүз. Дагы бир жолу айтайын, күнөөлүү же күнөөлүү эместигин сот гана чече алат. Ал эми “Кумтөр” болсо өзүнүн жумушун так аткарып жатат. Бир да грамм [алтын] сыртка кеткен жок», — деген ал «Азаттыкка» берген интервьюсунда.

Минкабдын башчысы буга чейин президент Садыр Жапаров оппозицияга жана депутаттарга «Кумтөрдүн» жана алтындын сатылышы боюнча комиссия түзүүнү сунуштаганын эске салган.

Бөлтүрүктүн кармалышы

13-сентябрь күнү Башкы прокуратура Кумтөр кенин ишткеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүнүн жыйынтыгында үч кылмыш иши козголгонун кабарлады. Компания мамлекетке 1 млрд доллардай зыян келтиргени айтылган.

Ошол эле күнү кечинде Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу жана «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүктү кармаган. Башкы прокуратурадан Бөлтүрүк менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гюль Фронтбек кызы Жаналиева жана каржы башкармалыгынын директору Рыспека Токтогулов дагы кармалган.

Бөлтүрүк Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими 15-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Бөлтүрүк өзү 15-сентябрда сот залында Башкы прокуратура ага карата козгогон кылмыш ишин «толук абсурд» деп атаган. Ал кол астындагылардын баарына жооп бере албасын айткан.

«Кумтөрдөгү» тышкы башкаруу

2021-жылдын 17-майында кыргыз бийлиги «Кумтөргө» сырткы башкаруу киргизген. Бийлик бийлик кенди канадалык Centerra Gold Inc иштетип жатканы «жергиликтүүлөрдүн ден соолугуна, өмүрүнө жана экологияга коркунуч жаратат» деген жүйөө кылган.

Анда Тенгиз Бөлтүрүк убактылуу тышкы башкаруучу болуп дайындалган.

Буга жооп кылып Centerra Кыргызстандын бийлиги «кенди көзөмөлдөөнү дээрлик толугу менен тартып алды» деп Бөлтүрүктү, кийинчерээк Кыргызстандын өкмөтүн да сотко берген.

2022-жылдын 29-июлунда өлкө бийлиги «Кумтөр» толугу менен Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, ушуну менен кыргыз тарап канадалык Centerra Gold Inc. менен «Кумтөр» долбоору боюнча эки айры жолго түшкөн.

24-августта минкаб Бөлтүрүк «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучулугунан четтетилгенин кабарлаган. Бул Эсептөө палатасы кендин ишинде каржылык бузууларды аныктагандан кийин болгон.

Ага карабастан, Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калууда. Ал бул кызматка 14-февралда келген.

25-августта минкаб кендеги тышкы башкарууну жойгон. «Кумтор Голд Компаниге» жаңы президент — Алмаз Барыктабасов, ал эми башкармалыгынын төрагасы кызматына Болотбек Идирисов дайындалган. Барктабасов бул кызматка дайындалганга чейин «Кумтөрдүн» техникалык тейлөө бөлүмүнүн жетекчиси болгону, ал эми Идирисов компаниянын башкы менежери болгону белгилүү.