Президент Садыр Жапаров 30-ноябрда биринчи Элдик Курултайдын Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуусунда Курултай «ачык-айкын сөздөр» айтылгандыктан өзгөчө болду деп билдирди.

«Садыр Жапаров эл ичинен шайланып келген делегаттар көйгөйлүү маселелерди, аларды чечүүнүн жолдорун өлкөнүн бийлик бутактарынын жогорку жетекчилеринин алдында ачык айтышканын ырастады. Бул Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экендигин, өлкө демократиялык туура жолдо баратканын айгинелеп турат», — деп айтылат президенттин администрациясынын пресс-релизинде.

Жапаров журналисттерге эч кандай басым-кысым жок, ар ким «соцтүйүндөрдө каалаганын сүйлөп эле жатат» деп көп эле билдирет.

Ошол эле кезде иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы, соцтүйүндөгү посттор үчүн блогерлерди кармоо, Кемпир-Абаддын берилишине сын айткан активисттерди камакка алуу басылмаларды бөгөттөө таптакыр башка нерседен кабар берип турат. Эмесе, сөз кезеги менен болсун.

Курултайдын катышуучулары — бийликти мактаган улгайган кишилер

Сөздү Курултайдын катышкандардын курамынан жана алар эмнелер тууралуу айткандарынан баштасак. «ПолитКлиника» басылмасынын журналисти Ырысбүбү Кылычбек кызы Курултайдын катышуучуларынын курамынын үстүнөн иштөө керек деп эсептейт.

«Делегеттардын курамы ар башка болушу керек — жаштар, аялдардын жана ар башка кесип ээлери көп болушун көргүбүз келет. Мына ошондо ар башка көз караштар жана сунуштар болмок», — дейт «Клооптун» маектеши.

Жалпысынан 25-ноябрда Элдик Курултайга 1072 адам катышкан, алардын ичинен 148 гана аял (болжолдуу 13%ы).

Курултайга катышкандардын дээрлик үчтөн экиси (709 адам) — 50 жаштан жогору адамдар. 18ден 30 жашка чейинки делегаттардын саны болгону 23 адамды түзгөн. Демек, бул аялдар менен жаштар бийликке суроолорду узатып же өлкөдөгү абалды жакшыртуу боюнча сунуштарын бере турган аянтчага киргизилбегенин айтып турат.

Тема боюнча: Элдик Курултайга өлкө боюнча 148 гана аял келди

Жалпы айтканда, Ырысбү Кылычбек кызы Курултайда көбүнчө «бийлик тараптын» делегаттары сүйлөп, оппозициялык көз караштагыларга сөз деле берилбегенин белгиледи.

«Чыгып сүйлөгөндөр көбүнчө азыркы бийликке мактоо айтып жатты […] Бирок аз болсо дагы сын айтып, азыркы жагдай боюнча суроо берип сындагандар да болду. Бирок сөз алып сүйлөгөндөрдүн арасында алдын ала даярдалган адамдар да болгону байкалып турду», — деди ал. Журналист Курултайда өлкөдөгү, мисалга, сөз эркиндигине басым сыяктуу курч маселелер көтөрүлбөгөнүн да кошумчалады.

«Акыркы окуялар: Болот Темировдун Кыргызстандан чыгарылышы, ага жана анын командасына болуп жаткан кысымдар, кабыл алынып жаткан күмөндүү мыйзамдар, ошол эле ЖМК жөнүндөгү, бейөкмөт уюмдарга байланыштуу мыйзамдар, ошондой эле “Азаттыктын” сайтынын бөгөттөлүшү сыяктуу көйгөйлөр айтылган жок» — деди Кылычбек кызы.

Анткен менен кээ бир делегаттар активисттер менен саясатчылардын жапырт кармалуусун же иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы тууралуу сөз козгоюн дегенде президент алардан «оорчундуу маселелерди көтөрсөңөр» деп башка теманы айтууну суранган.

Мунун баары президент Курултайды өлкөдө сөз эркиндиги бар экенине мисал кылып аша чаап жатканын айтып турат.

Юрист Нурбек Токтакунов. Сүрөт: "Клооп"

Ал «Клоопко» курган маегинде Курултайда кабыл алынган резолюцияны мисал келтирди. Курултайдын Жогорку Кеңешке сунуштарынын биринде эл өкүлдөрү мыйзам долбоорлорун кабыл алууда «адамдын жеке кызыкчылыгына караганда коомдун кызыкчылыгы жогору» турушу керектиги айтылган. Токтакунов муну менен учурда өлкөдө «террорго негиз» даярдалып жатат деп эсептейт.

Ал «Клоопко» курган маегинде Курултайда кабыл алынган резолюцияны мисал келтирди. Курултайдын Жогорку Кеңешке сунуштарынын биринде эл өкүлдөрү мыйзам долбоорлорун кабыл алууда «адамдын жеке кызыкчылыгына караганда коомдун кызыкчылыгы жогору» турушу керектиги айтылган. Токтакунов муну менен учурда өлкөдө «террорго негиз» даярдалып жатат деп эсептейт.

«Жеке кызыкчылык — арам ойлуу максат дегендей сезим жаралып жатат. Бирок түпкүрүндө бул мамлекеттик аппараттарын кызыкчылыктары адам эркиндигине караганда артык турат дегенге алып баратат да. Адамдар көбү мамлекет — болгону коомдун кызматындагы жалданма аппарат экенин түшүнбөй жатышат да. Дал ошол адам эркиндиги башкы жана бийик коомдук баалуулук болуп эсептелет. Керек болсо бул биздин “Ханституциябызда” дагы жазылган. Мамлекет коомчулукту адам укуктарына кол салбастан башкарышы керек», — деген Токтакунов.

Тема боюнча: «Мамлекеттин кызыкчылыгы элдикинен өйдө турушу керек» — президенттин Ош облусундагы ыйгарым өкүлү

Юрист Садыр Жапаров Курултайда «хандай» болуп отурганын, ал эми делегаттар маанилүү маселелерди көтөрүп, президенттин сөздөрүнө баа бергендин ордуна «тилемчилик» кылышты дейт. Токтакунов Курултай адамдарды чогултуп, «мээлерине кийин резолюцияга кире турган кайсыл бир сөздөрдү куюп, андан кийин элдин талабы ушундай болду деп жарыялап коюу максатын көздөгөн» деп эсептейт.

Темировдун депортациясы

Өлкөдөгү сөз эркиндигине байланыштуу көйгөйлөр бар экенине иликтөөчү журналист Болот Темиродун өлкөдөн чыгарылышы дагы далил боло алат. Темировдун депортацияланышы журналисттер менен бийликтин ортосундагы кезектеги соттук териштүүлөрдүн бирин аягына чыгарды.

Баары Темиров таасирдүү аткаминердин жана президент Жапаровдун жакын үзөңгүлөшү эсептелген УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн коррупциялык иш-аракеттерин ашкерелеген иликтөөсүн чыгаргандан кийин башталган.

Темировдун кеңсесин тинтип, баңгизат сактаган, чек араны мыйзамсыз кесип өткөн жана аскердик билети жасалма жолу менен алган деп айып тагышкан. Темиров болсо баңгизатты чөнтөгүнө салып коюшкан деп билдирген.

Темировду кеңсесинде кармоо учуру. Сүрөт: Азиза Раимбердиева.

Укук коргоочулар журналистке карата кылмыш иштер «саясий мүнөзгө ээ» жана «жогорку бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу иликтөөлөр үчүн анык эле өч алуу» деп билдиришкен.

Журналистти актоону Кыргызстандын медиа коомчулугу да талап кылып, Темировго карата кылмыш иштерин «сөз эркиндиги жана көз карандысыз басылманын эркиндигине каршы чабуул» катары баалашкан.

Темировго каршы сот 8 айга созулган. Сентябрдын аягында Бишкектин Свердлов райондук соту Темировду баңгизатты сактоо жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүү иши боюнча актаган, бирок аскердик билетти жасалмалоо иши боюнча күнөөлүү деп тапкан. Бирок бул иштин мөөнөтү өтүп кеткендиктен Темировго жаза дайындалган эмес.

Анткен менен прокуратура сот чечимине макул болбой, Темировду өлкөдөн чыгаруу талабы менен шаардык сотко кайрылган. Сот буга макул болуп, иликтөөчүгө каршы өкүм чыгарган.

Темировду сот залынан чыгарып кетүү аракети. Сүрөт: «Клооп»

Front Line Defenders укук коргоо уюму Темиров Кыргызстандын жарандыгынан 2022-жылдын 17-майында ажыратылганын эске салат. Журналисттин паспортундагы маалыматтар соттун расмий чечими жок эле Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат базасына жараксыз катары киргизилген деп белгилейт ал. Темировдун паспорту жокко чыгарылганын уюм «журналисттин адам укуктарын коргоо боюнча тынч ишмердүүлүгү үчүн өч алуу» деп атап, жарандыгын кайтарууну талап кылууда.

Шаардык соттун чечими угузулгандан кийин журналистти дароо сот залынан күчтөп алып чыгып, белгисиз тарапка алып кетишкен. Үч сааттан ашык журналисттин дайыны белгисиз болгон. Андан кийин журналистти «Манас» аэропортундагы милиция бөлүмүндө күч менен кармап, Москвага депортация кылышканын белгилүү болгон.

«Адилет» укуктук клиникасынын юристтери шаардык соттун коллегиясы «өлкө жарандарын республиканын сыртына чыгарып салууга тыюу салган Конституциянын 51-беренесинин талаптарын одоно бузду» деп билдирген.

Алар Темировго сот залында угузулаары менен дароо күчүнө кирген өкүмдү жада калса даттанууга мүмкүнчүлүк беришпегенин айтышкан — журналистти ошол учурда сот залынан дароо чыгарып кетишкен.

«Бул сот адилеттигине ээ болуу боюнча конституциялык укукту жана соттун өкүмүн Жогорку сотто алгылыктуу даттануу мүмкүнчүлүгүн дароо чектеген, ошол эле кезде Конституция ар бир адамга укуктары менен эркиндигин сотто коргоону кепилдейт», — деп билдиришкен юристтер.

Болот Темировдун окуясы — Кыргызстандын тарыхында жаран эч кандай анык мыйзамдуу негиздер жок эле жарандыктан ажыратылган биринчи учур. Ошондой эле бул Орусиянын эң эле жаман тажрыйбасы колдонулгандыгынын кезектеги белгиси, Темиров дал ушул өлкөгө чыгарылды. Ал жерде кыргызстандык журналистти согушка мобилизациялоо коркунучу күтүп турган болушу мүмкүн.

25-ноябрда Бишкек жана Ошто сөз эркиндиги жана Болот Темировдун мекенине кайтарылышы үчүн митингдер өткөн.

Ал эми АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Темировдун депортацияланышын «демократиялык принциптерге каршы келген» тажрыйба катары сыпаттаган.«Журналисттерге өч алуудан коркпой иштөөгө мүмкүнчүлүк берилиши керек. Сөз эркиндиги Кыргызстандын Конституциясы боюнча корголгон – бул укуктар сакталышы зарыл», — деп билдирген дипломатиялык өкүлчүлүк.

Ушуга эле окшош реакция БУУда да, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинде да айтылган. БУУ Темировдун өлкөдөн чыгарылышын «коррупцияга каршы күрөш үчүн өч алуу» деп атаган, ал эми Улуу Британиянын элчилиги журналисттер репрессиядан корголгон болушу керек деп билдирген. Мындан тышкары, Европа биримдигинин өкүлчүлүгү кыргыз бийлиги Темировду өлкөдөн чыгарып жатканда сөз эркиндигине байланыштуу эл аралык милдеттенмелерин аткарбады деп маалымдаган.

Демек, иликтөөчү журналист Болот Темировго карата кылмыш иштери жана аны күч менен өлкөдөн чыгаруу окуялары, жок эле дегенде, өлкөдө сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканынан кабар берет.

Тема боюнча: Оозуңду тыйбасаң — паспортуңду тапшыр. Жапаров менен Ташиев Путинден эмнени үйрөнүштү?

«Азаттыкты» бөгөттөө

Өлкөдө сөз эркиндигине доо кетип жатканын көз карандысыз «Азаттык» басылмасынын сайтынын бөгөттөлгөнү да далилдеп турат. Бул чечимди 26-октябрда Маданият министрлиги чыгарган.

Буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган.

Көп өтпөй эле «Демирбанк» коммерциялык банкы «Азаттык Медианын» банктык эсебин да соттун чечими жок эле бөгөттөгөнү белгилүү болгон, бул да мыйзамсыз деп эсептелинет.Банктын өзүнөн басылмага «Азаттык Медиа» мекемесинин эсеби «Террористтик ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (адалдаштырууга) каршы туруу жөнүндө» мыйзамынын негизинде бөгөттөлдү деп жооп беришкен. Банктан ар дайым мыйзам талаптарына баш ийишерин, себеп дегенде алар Кыргызстандагы биринчи эл аралык банк болуп саналарын айтып ишендиришкен.

«Демирбанктын» маалыматына ылайык, аталган мыйзамдын талаптарын аткаруу Кыргызстандагы бардык банкттарга милдеттүү болуп эсептелинет жана «банктык операциялар аталган мыйзамга ылайык токтотулган болсо банк жоопкерчилик албайт».

Сайтты бөгөттөлүшүнө «Азаттыктын» кеңсесинин алдында митинг да түрткү болгон, анда беткап кийген кишилер басылманы чек ара жаңжалын «туура эмес» чагылдырган деп айыпташкан. Басылманын дарегине карата ушундай эле айыптар Кемпир-Абад боюнча коомчулук менен жабык жолугушууда президент Садыр Жапаров тарабынан да айтылган.

Анда президент «Азаттык» Кыргызстан Тажикстанга кол салды деп жазуу менен бул окуяларды туура эмес чагылдырган деп нааразы болгон.

«Кантип ушундай болсун? Ал жакта деле [“Азаттыкта”] кыргыз кыздар менен жигиттер иштейт го», — деген Жапаров жолугушууда.

Медиа эксперттер Элмира Токтогулова менен Гүлнара Төралиеванын пикиринде, бийлик «жок жерден шылтоо таап», сөз эркииндигине басым кылып жатат.

«Азыр мындай суроо пайда болду — эмне үчүн ал программа эфирге чыкканына бир айдан ашык убакыт өткөндөн кийин “Азаттыктын” сайтын бөгөттөөнү чечишти? Эмне үчүн “Настоящее времянын” сайтын эмес? (алардын сайттары эки башка)? Эмне үчүн бөгөттөө Кемпир-Абад маселесин чечүү жана оппозиция менен жарандык активисттердин бийликке маселени ачык-айкын чечпей жатасыңар деген сыны менен бир учурда болуп калды? Азырынча бул бийликтин эң активдүү ЖМКны жок кылууга болгон өтө эле жагымсыз, ыксыз ыкмасындай көрүнүп жатат», — деп эсептейт Элмира Токтогулова.

Эки эксперт тең бийлик тарабынан көз карандысыз ЖМКга болгон басым уланат, жана көпкө күттүрбөйт деген ойдо.

«Бийликтин акыркы кадамдарына карасак — аракеттер бир топ катаал болчудай. Сөз эркиндигин талап кылуу кыйындай берет», — дейт Төралиева.

Садыр Жапаров «Азаттыкты» абактан чыгып бийликке отургандан бери сындап келет. Мисалы, басылманын журналисттерин фактыларды бурмалашат деп сындаган. Ал өз тарапташтарынын журналисттерге коркутууларын ушинтип актаган эле.

Ошол кезде медиа уюмдар Жапаровдун билдирүүсүн өтө кооптуу жана жоопкерчиликсиз деп сыпатташкан.

«ЖМК — бул негизги демократиялык институттардын бири жана жогорку рангдагы адамдын мындай билдирүүлөрү басма сөз эркиндигине коркунуч жаратып, коомдун прессанын демократиядагы ролун билип түшүнүү укугун кетирет. Мындай билдирүүлөр журналисттердин коомдук жактан маанилүү окуяларды чагылдыруу боюнча иштерин бир топ кыйындатып, алардын ишмердигин жаман көрсөтөт», — деп айтылган билдирүүдө.

Медиа коомчулук Жапаровду «Азаттыктын» журналисттерин сындаганды токтотуп, Кыргызстандагы басма сөз эркиндиги бар экенин моюнга алууга да чакырышкан.

Активисттер менен саясатчылардын жапырт кармалышы

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган аялдар

Бийликке сын айтуу журналисттерге эле эмес, саясатчылар менен активисттер үчүн да кооптуу. 23-октябрда милиция Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан 20дан ашык адамды кармаган. Кармоолор эртеси күнү да уланган — жалпысынан 27 киши кармалган. Кийин сот алардын көбүн эки айга ТИЗОдо калтырган.

ИИМ камакка алынгандарга «Кылмышка даярдык көрүү» (Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси) жана «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» (КЖКнын 278-беренесинин 1-пункту, жети жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган) беренелери боюнча айып таккан. Ошол эле кезде айыптоочу тарап бүгүнкү күнгө чейин коомчулукка аталган кылмыштар пландалганын далилдеген бир да маалымат бере элек.

Активисттер менен саясатчылардын кармалышын бир катар депутаттар да айыптап чыгышкан. Бекешев аларга карата кылмыш иштерин «токулган жана мыйзамсыз» деп атаган. Ал бийлик «авторитаризмге барып калды» деп кооптонгон.

Ал эми башка депутат Тазабек Икрамов муну «бийлик өкүлдөрүнүн ЖМКга жана сөз эркиндигине басымы» деп атаган.

Кийинчерээк президент Садыр Жапаров массалык кармоолор боюнча комментарий берип, кармалгандарды Кемпир-Абад маселеси «кызыктырбайт», алар суу сактагыч маселесин «бийликтин бир жерине илинип калсам» деген ойдо пайдаланып жатышат деп билдирген.

Фейсбуктагы пост үчүн кармоолор

Эгер сиз Садыр Жапаров ишендиргендей «соцтүйүндө каалаганды жаза берсе болот» деп ойлосоңуз, терең жаңылышасыз. Кыргызстанда сизди, мисалга, Фейсбуктагы пост же жарыя үчүн кармап кетиши мүмкүн. 19 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиевдин кармалышы буга мисал боло алат. Бул окуя коомчулукта резонанс жараткан окуялардын бири.

Ырыс Жекшеналиев сот жалында. Сүрөт:“Клооп”.

19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев 14-августта УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылган. Сегизбаев аталган кайрылууда Нарындагы Жетим-Тоо кенин урпактарга сактап, өткөрүп берүү керектигин айткан. Бул постту Жекшеналиев аталган кен иштетилиши мүмкүндүгүнүн айынан чыккан митингдердин шартында жарыялаган.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы барагы аркылуу Нарын облусундагы Жетим-Тоо кенин азырынча пландалбаганы тууралуу пост жазган.

Жапаров «Жетим-Тоону коргогучтарга айлангандарды» элдин башын айлантканды токтотууга чакырган. «Тартип сактоо органдары, ушундай арам ою бар лжепатриоттор, калпычылар менен тартипке чакыруу иштерин алып баргыла. Эмне үчүн элге туура эмес маалыматтарды таратып жатышат?» — деп кайрылган ал.

Жогорку Кеңештин депутаттары жана укук коргоочулар соттон Жекешеналиевди бошотууну бир канча ирет суранышкан, ал эми ИИМден ага карата кылмыш ишти толугу менен кыскартууну талап кылышкан.

«Эмне үчүн отурганымды билбейм эки айдан бери [...] Мени “бир эски видеону чыгардың” деп атат. Эски видеону чыгарсам эмне кылмышпы? [...] Мен өткөндө айткам бул маразм деп. Жок бул идиотизм! Бул ишке аралашкандардын баары тең идиоттор! [...] Эки айдан бери отурам, ден соолук кетип атат, белде грыжа козгоп атат. Бетон бүт жагы, жаткан жерим. [...] Эй, менден коркпогула да. Көрдүңөр го кимден коркуш керек экенин. Өзүңөрдү өзүңөр коркутуп жүрөсүңөр, бири-бириңерди аңдып коюп», — деген Жекшеналиев сот залында.

Блогер Бишкектин ТИЗО-1де октябрдын аягына чейин кармалган, бирок натыйжада Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарууну чечкен. Анткен менен бул иш боюнча сот процесстери бүтө элек.

Бийлик дагы кантип цензура киргизгенге аракет кылып жатат?

Жаңы мыйзамдарды кабыл алып жатышат. Мисалы, президент Садыр Жапаров 2021-жылдын августунда кол койгон «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» чуулгандуу мыйзамы. Ага ылайык, бийлик интернетте жалган маалымат таратылса соттун чечими жок эле колдонуучунун жүзүн ашкерелеп, сайттардын ишине бөгөт коё алат.

Мыйзамга кол коюлганга чейин эле юристтер, укук коргоочулар жана жарандык коом аталган мыйзамга каршы чыккан. Юристтер ал жарандардын сөз эркиндигине болгон конституциялык укугун «одоно» бузаарын жана интернетте мамлекеттик цензура орнотоорун белгилешкен.

Дал ушул мыйзамга таянып Маданият министрлиги «Азаттык» басылмасынын сайтын эки айга бөгөттөгөн. Анда медианын 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу чыккан материалдарында «чындыкка дал келбеген маалыматтар бар» деп жүйөө келтиришкен.

Ноябрда өткөн тегерек столдо депутат Дастан Бекешев бул мыйзам фейк маалыматтар менен күрөшүүнүн ыкмасы эмес, накта ЖМКга каршы курал деп билдирген.

«Негизи эле, бийликтин журналисттер менен ЖМКга каршы куралы көп. Ал Жазык кодекси деп дагы айтса болот, себеби бир нерсе болсо эле — сен улуттар аралык жаңжалды козуткуч жана торрорист болуп чыга келесиң», — деген Бекешев.

Ал Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан бери президенттер сөз эркиндигин чектөөгө аракет кылып келгенин, себеби ЖМК алар жана алардын үй-бүлөлөрү тууралуу жазышат деп белгилеген. Депутаттын айтымында, андай көрүнүш азыр да, Садыр Жапаровдун тушунда уланып жатат.


«Президент алар жөнүндө жазганды жаман көрөт деп ачык эле айтыш керек. Бирок андай болбошу керек, кол тийбестер болбошу керек», — деген эл өкүлү.


«Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамы ал түгүл 2022-жылдын августунда Res Publica гезитинин сайтына каршы да колдонулган. Сайт «Манас Менежмент» ишканасынын экс-президенти Асан Токтосуновдун арызынын негизинде бөгөттөлгөн. Токтосунов сайттын «Манас» аэропорту тууралуу эки иликтөөсүндө өзү тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтар жазылганын айтып арызданган.

Азыр бийлик бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштап жатат, себеби мыйзамдын кээ бир пункттарында кемчиликтер бар, ошондуктан аны аткарууда тоскоолдуктар жаралып жатат. Эми Маданият министрлиги арыз ээси арыз берүү учурунда таркатылган маалыматтардын ишенимсиздигин тастыктаган далилдерди келтириши керек деген пунктту кошууну сунуштап жатат.

Кыргызстанда сөз эркиндигине коркунуч туудуруп жаткан дагы бир документ — бул «ЖМК жөнүндө» мыйзам. Аны сентябрдын аягында президенттин администрациясы коомдук талкууга алып чыккан.

Документ ар бир техникалык катачылык басылманы жабууга негиз болуп бере алгыдай кылып түзүлгөн. Юристтер жана журналисттер аны анык эле цензураны киргизүү катары баалашууда. «Клооп» долбоорду изилдеп чыгып, ал Орусиянын ЖМК тууралуу «ажыдаар» мыйзамына 95% окшош экенине ынанды. Ал түгүл, катаал дагы!

«Адилет» укуктук клиникасы дагы жаңы мыйзам долбоору мамлекетке «ЖМКнын ишине аралашууга жана аны жөнгө салууга негизсиз эле олчойгон мүмкүнчүлүктөрдү берет» деген бүтүмгө келген. Юристтеридин пикиринде, ушул версиядагы мыйзам долбоору «ар бир демократиялык коомдун ажырагыс бөлүгү эсептелген ой-пикир түрдүүлүгүнө катаал чектөөлөрдү орнотууга» багытталган.

Кыргызстан дүйнөлүк рейтингдерде

«Чек арасыз репортерлор» эл аралык уюму тарабынан жыл сайын түзүлгөн дүйнөлүк басма сөз эркиндиги рейтингинде Кыргызстан 2022-жылы 72-орунду ээлеген. Баяндаманын авторлору «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынганын, көз карандысыз ЖМКга карата кибер чабуулдарды, ошондой эле журналисттер менен кабарчыларды куугунктуктоолорду белгилешкен.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму да өз докладында кыргыз журналисттери басымга кабылып жатканын белгилеген.

«Көзкарандысыз ЖМКны бийликти сындаганы үчүн дайым айыпташат. Кээде алар коррупция тууралуу макалаларды чыгарганда кибер чабуулардардын бутасына айланат», — деп айтылган баяндамада.

2022-жылы Economist Group’тун изилдөө жана аналитикалык бөлүмү — The Economist Intelligence Unit — Кыргызстанды авторитардык өлкөлөрдүн катарына кошкон. Февралда басылма дүйнө өлкөлөрүндөгү демократиянын деңгээли тууралуу жылдык баяндамасын жарыялаган.

The Economist Intelligence Unit.

Ал эми 2021-жылы Жарандык коомдун глобалдык CIVICUS альянсы дагы жыл сайын жарыялаган баяндамасында Кыргызстанда жаңы президенттин — Садыр Жапаровдун — тушунда авторитардык режим күчөгөнүн белгилеген.