Курманбек Бакиев аялы көз жумганда көңүл айткан кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди

Сүрөт: Бакиев Курманбек Салиевич телеграм каналы.

19-январда өлкөнүн бозгун президенти Курманбек Бакиевге таандык делген Фейсбук барагына мурдагы өлкө башчынын атынан жубайы Назгүл Төлөмүшеванын мезгилсиз дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу кыргыз элине кайрылуу жарыяланды.

Анда Бакиев «оор күндө кайрат айтып, колдогон кыргыз элине, дүйнөнүн ар тарабынан чалып, соцтүйүн аркылуу көңүл айткан боордошторуна» ыраазычылык билдирди.

«Башымды кара туман каптап, үй-бүлөм менен аза тутуп калган чакта, бизди колдоп, сүйөп-таяп, ар кандай кайрат сөздөрүңөрдү айтып, жазып жатасыздар. Бул нерсе биз үчүн бардык байлык, бийликтен да жогору турат. Сыртта жүрүп жалгыз эмес экенимди, жанымда мен жакшы көргөн элим бар экенин туюп, сезип жаттым», — деп жазылды анда.

Фейсбуктагы Бакиевге таандык делген баракка 2020-жылдын 5-февралында алгач ирет сүрөт жүктөлүп, маалыматтар жарыялана баштаган. Азыркы тапта 8 миңден ашык катталуучусу бар.

Барактагы кыска маалыматта ал «Кыргызстандын экс-президенти» катары көрсөтүлүп, дареги Беларустун Минск шаары деп белгиленген. Бирок аталган барак Бакиевге таандыкпы же жокпу аныктоого мүмкүн болгон жок.

Ушул эле билдирүү Бакиевге таандык делген Телеграм каналга дагы жарыяланды. Ал канал 2019-жылдын 6-июнунда түзүлгөн.

Бакиевдин жубайынын кайтыш болушу, Нарматованын билдирүүсү

Буга чейин, 17-январында бозгун президент Курманбек Бакиевдин экинчи жубайы Назгүл Төлөмүшева көз жумганы белгилүү болгон. Ал Беларустун Минск шаарында оорудан кайтыш болгону кабарланган.

Мезгилсиз дүйнөдөн кайткан 46 жаштагы Төлөмүшеванын сөөгү учак менен Кыргызстанга жеткирилип, 18-январда өзү туулуп-өскөн Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна жерге берилери айтылган. Ал эми тажияга Курманбек Бакиев катышабы же жокпу белгисиз бойдон калган.

Соцтармактын колдонуучулары маалыматты кызуу талкуулап, маркумдун жакындарына кайрат айткандар дагы болгон. Ал эми парламент депутаты Надира Нарматова фейсбукка пост жазып, Бакиевге кайрат айтып, «жамандыгыңардын акыркысы ушул болсун» деп кайрылган.

«Калган өмүрүн сизге, уул, кызына берсин Аллахым. Өзүңүзгө ден соолук берсин. Кылым карыта жашаңыз [...] Жараткан сизге чексиз күч кубат берсин. Сизди сыйлап, күтүп алар элиңиз бар. Буюрса бул күндөр да өтөт. Ак ийилет, сынбайт», — деп жазган Нарматова.

Эмнеси туура эмес?

Кыргызда өлүм ак деп айтылып, дүйнөдөн өткөн кишинин жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүү парз. Анткен менен, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 кишинин өлүмү менен аяктаган элдик кагылышуудан кийин Курманбек Бакиевге эл аралык издөө жарыяланып, сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган.

Бакиев башкарган жылдар саясий буйрутма киши өлтүрүү, баласы Максимдин рейдерлик басып алуусу, журналисттердин өлүмү жана коркутуулар менен эсте калган.

Үстүбүздөгү жылдын 17-январында, Башкы прокуратурадан мурдагы президент Бакиев Кыргызстанга келсе ага чыккан сот өкүмдөрүнүн негизинде Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы аны камакка алууга милдеттүү экенин билдирген.

Көзөмөл органы буга чейин дагы Бакиев жана анын жакындары өзгөчө оор кылмыштарга айыпталганын, Кыргызстанга кайта турган болсо «токтоосуз камакка алынарын» бир нече жолу билдирген.

Ал эми өлкө башчысы Садыр Жапаров Апрель элдик революциясында «коррупциялашкан бийлик кулатылганын» баса белгилеп, көз жумгандарды «кийинки муундардын жаркын жашоосу, бакубат турмушу үчүн өз өмүрлөрүн арнаган баатырлар» деп атаган.

Анан калса, Курманбек Бакиевдин өз учурундагы кеңешчиси жана коррупцияга каршы комиссары болгон Садыр Жапаров 2020-жылы бийликке келгенден тартып эле калк арасында «Бакиевди реабилитациялоо» старт алды деген кептер тараган. Садыр Жапаров «мындай ушактарды айрым чагымчылдар» таратып жатат деп эсептеген.

Өз кезегинде УКМК төрагасы, президенттин жакын үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиев «Бакиевдерди эч ким реабилитациялоого аракет кылган жок» деп билдирген.

Мындай шартта, бийлик өкүлү, Жогорку Кеңештин «Ата-Журт — Кыргызстан» фракциясынын депутаты Надира Нарматова эл алдында Бакиевди «күтүп алар элиңиз бар» деп айтып, «бул күндөр да өтөт» дегени расмий бийликтин позициясына каршы келет.

Кыргызстандыктар «Бакиев режимин» жектеп, расмий бийлик экстрадициялоо иштерин жандандырып жаткан чакта, кызмат адамынын бозгун президенти колдоого алып, «ак ийилет, сынбайт» дегени, жумшак айтканда, көп суроо жаратат.

Бакиевдин башкаруусу

Курманбек Бакиев 2005-жылы март ыңкылабында ошол кездеги президент Аскар Акаев тактан кулатылган соң бийликке келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 киши каза болгон элдик революциянын жыйынтыгында тактан кулатылган. Анын ордуна бийликке Роза Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөт келген. Бакиев болсо үй-бүлөсү менен Беларуска качып, жарандык алган. Азыркыга чейин ал ошол жакта жашайт.

Кыргызстан он жылдан бери мурдагы президентти жана анын үй-бүлөсүн экстрадициялоо аракетин жасап келет, бирок азырынча андан майнап чыга элек.

2022-жылдын августунда Башкы прокуратура Беларус бийлиги Курманбек Бакиевди «саясий себеп менен куугунтукталып жатат» деп эсептегендиктен Кыргызстанга өткөрүп бербей жатканын билдирген.

Тема боюнча:

«Күтүп алар элиңиз бар». Депутат Нарматованын Бакиевге көңүл айтканы эмнеге ойлондурчу маселе?