Талас: Кара-Буура районунда УКМКнын жаңы имараты ачылды

21-ноябрда Талас облусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Кара-Буура райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, мекеменин ачылышына Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана УКМКнын ардагерлери катышты.

«Жаңы курулган имарат кызматкерлердин иштөө шарттары үчүн талапка жооп берген жана керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган», — деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө УКМКнын төрагасы кызматкерлерди куттуктап, өлкөнүн бардык аймактарында Улуттук коопсуздук кызматкерлерине шарттар түзүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле кызматтык милдеттерди так аткаруу зарылдыгын эскертти.

УКМКнын жаңы имараттары

Буга чейин Камчыбек Ташиев «Регион ТВ» телеканалына курган маегинде өлкөдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 50гө жакын жаңы имараты курулганын айткан.

Ташиевдин интервьюсуна чейин коомчулук менен ЖМКга 2021-жылдын сентябрынан тарта ачыла баштаган УКМКнын 14 гана имараты тууралуу расмий белгилүү болчу. Алардын ачылыш аземине Ташиев өзү, айрым учурда президент Садыр Жапаров дагы катышып келген.

Ал эми август айында «Апрель» телеканалы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун иши тууралуу иликтөө жарыялаган.

Анда журналисттер «Кумтөр» тарабынан облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө деп бөлүнгөн акчалардын бир бөлүгүн фонд УКМКнын муктаждыгына жумшап, комитеттин кызматкерлери үчүн турак жай жана оорукана куруп, техника сатып алып, имараттарды оңдоп берип жатканын айтып беришкен.

Журналисттердин маалыматына ылайык, соңку 5 жылда Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду УКМКнын муктаждыктарына 47 млн сомдон ашык каражат жумшаган. Бул сумманын дээрлик жарымы — 21 млн 800 миң сому (255 миң доллары) — 2021-жылы сарпталган.

УКМКнын жаңы имараттары ачылган жерлер:

ТЕМА БОЮНЧА:

Камчыбек Ташиев Таш-Көмүр шаарына УКМКнын кезектеги жаңы имаратын ачты