Камчыбек Ташиев Таш-Көмүр шаарына УКМКнын кезектеги жаңы имаратын ачты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлдү. Бул тууралуу 9-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, имараттын ачылышына Камчыбек Ташиев, УКМКнын ардагерлери, өздүк курамы жана облустук бийлик өкүлдөрү катышты.

Мекемеден жаңы имаратта кызматкерлер үчүн бардык шарттар камсыз кылынганын белгилешти.

«Өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан мамлекетти кубаттуу өлкөгө айлантуу, мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, мамлекеттин коопсуздугун жетиштүү деңгээлде камсыздоо жана элдин жашоо шартын жакшыртуу саясаты кынтыксыз аткарылышы зарыл», — деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.

Бирок имараттын курулушуна канча акча жана анын кайсы булактан алынганы ачыкталган жок.

УКМКнын жаңы имараттары

Буга чейин Камчыбек Ташиев «Регион ТВ» телеканалына курган маегинде өлкөдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 50гө жакын жаңы имараты курулганын айткан.

Ташиевдин интервьюсуна чейин коомчулук менен ЖМКга 2021-жылдын сентябрынан тарта ачыла баштаган УКМКнын 14 гана имараты тууралуу расмий белгилүү болчу. Алардын ачылыш аземине Ташиев өзү, президент Садыр Жапаров дагы катышып келген.

Ал эми август айында «Апрель» телеканалы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун иши тууралуу иликтөө жарыялаган.

Анда журналисттер «Кумтөр» тарабынан облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө деп бөлүнгөн акчалардын бир бөлүгүн фонд УКМКнын муктаждыгына жумшап, комитеттин кызматкерлери үчүн турак жай жана оорукана куруп, техника сатып алып, имараттарды оңдоп берип жатканын айтып беришкен.

Журналисттердин маалыматына ылайык, соңку 5 жылда Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду УКМКнын муктаждыктарына 47 млн сомдон ашык каражат жумшаган. Бул сумманын дээрлик жарымы — 21 млн 800 миң сому (255 миң доллары) — 2021-жылы сарпталган.

УКМКнын жаңы имараттары ачылган жерлер: