Кара-Суудагы атышууга тиешеси бар делген Саркарбаев кайрадан Ош мэриясына жумушка алынды

Таалайбек Сарыбашов, Кылыч Саркарбаев жана Жапар Ормонов. Сүрөт: Ош шаардык жаштар комитети

Спортчу Кылычбек Саркарбаев Ош шаардык спорт комитетин кайрадан августтун башында жетектеп кайтты. Буга чейин ал спортчу Төлөгөн Рахманберди уулуну тапанча менен бутуна атууга тиешеси бар делгенден кийин жазган арызынын негизинде жумуштан убактылуу четтетилген.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун айтымында, Саркарбаев укук коргоо органдарынан өткөн жылдын сентябрь айында Кара-Суу районундагы атышууга тиешеси жок деген документтерди алып келген.

«Саркарбаев 20-августтан тарта парламенттик шайлоого катышуу үчүн эмгек өргүүсүнө чыкты, ал милдеттеринен убактылуу четтетилди. Ал шайлоого кайсы партия менен бараары белгисиз», — деди Абсаттаров.

Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан бул ишти алар карабаганын кабарлашты. Бирок Ички иштер министрлигинен бул ишти Оштун милициясы тергеп жатканын билдиришип, бул тууралуу маалымат такталаарын айтышты. Бирок материал жарык көрөөр алдында ИИМден комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Кара-Суудагы жаңжал жана президетке кайрылуу

Ош облустук ички иштер башкармалыгы жана жергиликтүү ЖМКлар Кылыч Саркарбаев өткөн жылдын 22-сентябрында спортчу Төлөгөн Рахманберди уулун пикир келишпестиктен улам тапанча менен атып жибергенин маалымдашкан.

Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Кол салуу фактысы «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Кийинчерээк жабырлануучу Рахманберди уулу аны Ош шаардык спорт комитенин башчысы атканын төгүндөгөн. Анын версиясында, ал бутуна өзү атып алган.

Кара-Суудагы жаңжалдан үч ай өткөн соң Саркарбаев «Жылдын мыкты жаш жетекчиси» наамын алган. Оштун мэриясынан Саркарбаев социалдык тармактардагы добуш берүүдө эң көп добуш алган деп түшүндүрүшкөн.

Арадан жарым жыл өткөндөн кийин Рахманберди уулу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Саркарбаев анын бутуна атканын тастыктаган. Ошондой эле ал «Матраимовдордун үй-бүлөсүнөн коркуп жашап калдык, Ошто жашоо кыйын болуп калды» деп билдирген.

Мындан сырткары Рахманберди уулу аны Нурбек Раимбеков — Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн жетекчиси Мунар Сайпидиновдун бир тууганы — «беш-алты бала менен сабап кеткенине» даттанган.

Кийинчерээк Ош ШИИБи Рахманберди уулун сабоого шектеп беш уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармаган.

*Кылычбек Саркарбаев Кыргызстанда таасирдүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жакын адамдарынан бири деп айтылат. Ал эми Мунар Сайпидинов (мурдагы фамилиясы Раимбеков) буга чейин бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимов анын «өкүл атасы» экенин тастыктаган.

Рахманберди уулу менен биргеликте Матраимовдорго бажынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун үй-бүлөсү да даттанып жүргөн. Кийинчерээк Ички иштер министрлиги спортчу Төлөгөн Рахманберди уулун жана Эмилбек Кимсановду 2018-жылдын 28-декабрында Аламүдүн районунун Лебединовка айылында Бишкектин тургуну Автандил Конгантиевди — ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Конгатиевдин баласы — сабоого шектеп, издөөгө жарыяланган.

Учурда Рахманберди уулу каерде экени белгисиз. Ал эми Эмилбек Кимсанов февралда кармалып, ушул убакытка чейин тергөө абагында кармалып келет.

Кимсанов аны ЖАМКтын кызматкерлери сабаганына даттанган. Кийинчерээк соцтармактарда ал изолятордо сабалганын «ырастаган видео» жарыяланган. Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул видео «фейк» болушу ыктымал деп, бирок ошол эле учурда ички иликтөө жүрүп жатат деп билдиришкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кимсанов: Матраимов Али Токтакуновду «тирүүбү-өлүүбү» мага алып келесиңер деп буйруган

«Матраимов мыйзамдан жогору турабы?». Кимсановдун бир туугандары президентке кайрадан кайрылышты