«Калыстык кайда?» Экс-премьер-министр Темир Сариев камакта калтырылды

25-августта Бишкек шаардык соту мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды.

Ал «Кумтөр» ишинин алкагында 3-августта кармалып, 30-сентябрга чейин Биринчи Май райондук соту тарабынан УКМКнын тергөө абагына киргизилген болчу. Анын жактоочусу соттун чечими менен макул эмес экенин билдирип, Бишкек шаардык сотуна даттанган.

Шаардык сот экс-премьер-министрдин бөгөт чарасын карап жаткан учурда анын тарапташтары Бишкек шаардык сотунун алдына митингге чыгышты. Алар «Сариевге боштондук», «Сариевдин күчү чындыкта», «Тергөө адилеттүү өтүшү керек», «Мен Сариевге ишенем» деген жазууларды кармап турушту. Митингге болжол менен 100дөй киши чогулган. Чогулгандардын арасында мурдагы дептутат Асия Сасыкбаева да бар.

Чогулгандардын бири Сариевди патриот адам деп атап, анын мамлекетке кыянаттык кылганына ишенбей турганын айтты. Анын пикиринде Сариев «Кумтөр» ишинин алкагында негизсиз кармалып турат.

«Азыр “кустурузация” модага айланып кетти. Эл да муну мамлекетти тоногондор куссун деп колдоп турат. Кумтөр афёрасында курсагын кампыйта тойгозгон адам Москвадан тайраңдап келип кетти. Эмне үчүн ал адамды кустуруп алышкан жок? Ал эми элим деп чуркап күйүп жүргөн Сариев абакта отурат. Калыстык кайда?», — деди ал.

Буга чейин Москвадан бозгун президент Аскар Акаев келип «Кумтөр» иши боюнча көрсөтмө берип кеткен. Ал журналисттерге маек куруп жатып, Кыргызстанга президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен келгенин айткан.

Сариев коомчулукка кайрылуу жасап, анда ал Динара Кутманованын жалган көрсөтмө бергени боюнча кармалдым деп айткан. Анын кайрылуусу фейсбук баракчасында 23-августта жарыяланган.

«Кумтөр иши» боюнча кармалгандар

Сариев 2012-жылы «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерген мамкомиссиясын жетектеген. УКМК ага «Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан» деген айып таккан.

Сариевден сырткары «Кумтөр» иши боюнча 31-майда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалышкан. Ал эми бул иш боюнча биринчилерден болуп мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кармалган.

Абылгазиев казынага 50 млн сом төлөп, 24-августта үй камагына чыгарылган. Ал эми Өмүрбек Бабанов ден соолугуна байланыштуу бошотулуп, чет өлкөгө учуп кеткен. Бул тууралуу анын жактоочусу кабарлаган.

Атайын кызмат экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашев, Алмазбек Баатырбеков, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана «Кыргызпатенттин» башчысы Динара Молдошеваны кармаган. Аткаминерлер «Коррупцияга» шектелүүдө.

Сарпашев менен Пирматов тергөө менен кызматташууга макул болуп, эч жака кетпөө шарты менен бошотулган. Ал эми депутаттар Асылбек Жээнбеков, жана Төрөбай Зулпукаров 30-сентябрга чейин тергөө абагында калтырылган.

29-июлда Биринчи май райондук соту экс-депутат Талантбек Узакбаевди «Коррупцияга» кунөлүү деп таап, ага 300 миң сом айып пул салган. Узакбаев соттук отурумда күнөөнү мойнуна алып, башка айыпталуучуларга каршы көрсөтмө берген.

Мындан тышкары, атайын кызмат Кыргызстандын бозгун президенттери Курманбек Бакиев менен Аскар Акаевге издөө жарыялаган. Ошондой эле издөө Бакиевдин уулу Максимге жана кенди иштетүү келишимдерине байланышы бар бир катар мурдагы аткаминерлерге жарыяланган.

Ал эми 2-августта Аскар Акаев Кыргызстанга келип, УКМКга сурак берип чыккан. Мурдагы президент сурактан чыккандан кийин «Кумтөр» маселеси боюнча көрсөтмө берүү үчүн бир жумага келгенин айтып, кайра 9-августта Москвага учуп кеткен.

Тема боюнча: 

Темир Сариев: Кумтөр боюнча чечим кабыл алып, мамлекетке зыян келтиргендер боштондукта

Сот Темир Сариевди эки айга камакта калтырды

«Кумтөр иши»: УКМК экс-премьер-министр Темир Сариевди кармады

«Жапаровдун да жоопкерчилиги бар». Атамбаев жана Сариев Кумтөр боюнча айыптоолорго жооп берди