Айрымдары жапжаш болчу — алдыда жаркын келечек күтөт деген адамдарды оору колдон жулуп кеткенсиди. Башкалары өрнөктүү өмүр сүрүп, кыргыз искусствосу менен тарыхында өчпөй турган из калтырышты. Маданият ишмерлери, саясатчылар жана медиктер — «Клооп» 2021-жылы көзү өтүп кеткен Кыргызстандын белгилүү адамдарынын тизмектеди.

Маданият ишмерлери

Рамис Рыскулов

2021-жылы 26-январдан 27-январга караган түнү «Ыр аке» атка конгон акын Рамис Рыскулов дүйнө салган.Рамис Рыскулов кыргыз адабиятында биринчилерден болуп эркин ыр формасындагы изденүү менен поэзияны жаңы ыргак, уйкаштык формалар, жаңыча саптар менен байытып, кыргыз поэзиясында ак ырдын тамыр алышына өтө орчундуу эмгек сиңире алган. Эне тилинен сырткары, акын орус жана латыш тилинде жазган. Ошондой эле ал чет элдик акындардын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Рыскуловдун кыргыз тилиндеги ырларын бул жерден окуса болот.

Токтоналы Сейталиев

24-февралда 84 жаш курагында СССРдин Эл артисти Токтоналы Сейталиев көз жумган. Сейталиев 50 жылдык профессионалдык карьерасында кыргыз жана дүйнөлүк композиторлордун жогорку даярдыкты талап кылган алдыңкы тенор партияларын мисалы: Жузеппе Вердинин «Дон Карлос», Жакомо Пуччинин «Жанни Сникин», жана Абдылас Малдыбаевдин «Айчүрөк» операсын аткарган.

Сейталиевдин репертуарында опера жана арийден тышкары кыргыз жана орус композиторлорунун ырлары жана алардын романстары болгон. Ырчы эл артисти, эл аралык сыйлыктардын лауреаты болгон.

Жамал Сейдакматова

Эл артисти Жамал Сейдакматова 16-февралга караган түнү 82 жашында узакка созулган оорудан кийин көз жумган. Анын фильмографиясы 20 ашык тасмадан турат, анын акыркы ролдорунун бири «Курманжан Датка» тасмасында Алай ханышасынын образы болгон.

Сейдакматова алгачкы көз карандысыз «Тунгуч» кыргыз театрын түптөп, анын көркөм жетекчиси болгон. Ал ондогон тасмаларда роль жараткан, алардын ичинде «Караш ашуусундагы ок атуу», «Улан», «Ак илбирстин тукуму» ж.б фильмдер бар.

Бекбай Алыкулов

Март айында 83 жаштагы жазуучу жана журналист Бекбай Алыкулов дүйнө салган. Алыкулов маданияттын мыкты кызматкери, «Советтик Кыргызстандын» корреспонденти жана «Ленинчил Жаштын» автору болгон.

Нурдамир Коңурбаев

9-мартта сүрөтчү Нурдамир Коңурбаев дүйнөдөн кайткан. Ал 81 жашта болчу. Сүрөтчүнүн эмгектери Эрмитажда, Третьяков галереясында, Бишкектин Сүрөт музейинде жана башка өлкөлөрдөгү музейлерде сакталып турат.

Коңурбаевдин “Кара-Көл. Кийиз сабап жаткандар” картинасы.

Жаркын Темирбаева

3-апрелде узакка созулган оорудан улам жазуучу Жаркын Темирбаева көз жумган —ал болгону 66 жашта болчу. Темирбаева журналисттик ишинде адам укуктарын коргоого басым жасаган. Эмгек жолунда Темирбаева «Зындан» аттуу эркин гезитин чыгарган. Анда бейкүнөө соттолгондордун, өлүм жазасына тартылгандардын укуктары боюнча маалыматтарды, маектерди жана бейнелерди чыгарып турган. Ошондой эле, Темибаеванын «Жаныбек казы», «Ай ыйлаган түн» чыгармаларынын автору.

Хадима Берикбаева

Эл артисти Хадима Берикбаева 2-апрелде, 75 жашында каза болду. Кыл-кыякчы аялдардын ичинен биринчи болуп оркестрлер курамында иштеген жана улуттук филармонияда сабак берген.

Бексултан Жакиев жана Сабира Турсункулова

Түгөйлөр Бексултан Жакиев жана Сабира Турсункулова —экөө тең маданият ишмерлери —апрелде каза болушту. 25-апрелде Жакиев көз жумса, эки күндөн кийин жубайы Турсункулова дүйнөдөн кайткан. Турсункулова 55 жыл маданият министрлигинде иштеген. Ал эми Бексултан Жакиев эң даражалуу Кыргыз Эл Баатыры сыйлыгынын ээси.

Рахман Разыков

Белгилүү куудул Рахман Разыков да коронавирустан каза болду. Ал 7-июнга караган түнү дүйнө салган — куудул болгону 66 жашта болчу. Эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон артист коомдогу көйгөйлөрдү, бийликтин калпыс иштерин сатирага салып жеткирип турган.

Балбай Алагушев

узыка таануучу Балбай Алагушев июлдун башында дүйнө салган. Журналистика тармагында иштеп, ал кыргыз композиторлорун, ырчыларын жана музыканттардын эмгегин элге жайылтып, искусствонун өнүгүшүнө зор салымын кошкон. «Кыргыз музыкасы» энциклопедиясын түзгөн. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер.

Искра Райымкулова

Кино жана театр актрисасы Искра Райымкулова 8-августта каза болгон. Ал 84 жашта болчу. Райымкулова Шекспирде Жульетта жана Корделиянын ролун, Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолунда» Алимандын ролун аткарган — Кыргызстандагы белгилүү театр актрисасы. Ал «Алымкан» жана «Каныбек» фильмдеринде рол жаратып, кыргыз киносунда из калтырган.

Алексей Филатов

Сентябрда белгилүү алып баруучу жана шоумен Алексей Филатов көз жумган. 32 жаштагы ырчы пневмонияга кабылган — 1- декабрда 33 жашка чыкмак.

Алексей Филатов коомчулукка КТРКдагы «Хит-парад» программасы менен таанылган. Ошондой эле, ал башка көңүл ачуучу программаларды жана иш чараларды уюштурган, өспүрүмдөр арасында кастингдерди өткөрүп, актердук жана оратордук чеберчилик боюнча мастер-класстарды өткөрүп турган.

Майрамкан Абылкасымова

Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова 16-октябрда 84 жашында каза болгон. Абылкасымова 1980-жылы «Эл акыны» наамына татыктуу болгон. Ошондой эле кыргыз поэзиясына кошкон чоң салымы үчүн 1984-жылы Кыргыз ССРинин «Токтогул» атындагы мамлекеттик сыйлыгы, 1986-жылы «Ардак Белгиси», 2005-жылы III даражадагы «Манас» ордендери менен сыйланган.

Абылкасымованын ырларын бул жерден окуса болот.

Мар Байжиев


Октябрда кыргыз публицист, драматург, журналист, театр жана кино режиссёру, адабиятчы, котормочу Мар Байжиев көз жумган. Ал 86 жашта болгон. Байжиев «Манас», «Сейтек», «Семетей» трилогиясын жарыкка чыгарган. Ал эпосту орус тилине которгон, мындан сырткары ал «Манас» документалдык тасмасынын жана эпос боюнча сүрөттөрдүн галереясынын автору. Ал репрессиядан жабыркаган манас таануучулардын аттарын тарыхка ташка тамга баскандай калтырып, алардын ишиндеги кыйынчылыктар тууралуу айтып берип, Евгений Поливанов, Ташим Байжиев жана Зияш Бектенов атындагы премияларды уюштурган.

Ирина Деркембаева

9-октябрда 94 жашында легендарлуу опера ырчысы, эл артисти Ирина Деркембаева дүйнө салган. Деркембаева — Кыргыз ССРнин жана Бурятия АССРнин эл артисти, Данакер орденинин кавалери болгон.

Валентина Гилка

18-декабрда 80 жаштагы Кыргыз эл артисти Валентина Гилка көз жумган. Ал 1975-жылдан тартып, Бишкектеги Орус драма театрында актриса, режиссер жана продюссердин милдетин аткарган.

Медиктер

Кубанычбек Шүкүрбаев

Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун хирургия-политравма бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Шүкүрбаев 23-февралда оорудан улам каза болгон. Ал 61 жашта эле.

38 жылдык эмгек жолунда 15 миңден ашуун бейтапка операция жасап, ич көңдөйүнүн жана көкүрөктүн курч ооруларын дарылоонун жаңы ыкмаларын иштеп чыккан.

Михаил Медведев

Михаил Медведев — Кыргызстандын эмгек сиңирген офтальмологу болгон. Медицина илимдеринин доктору 5-апрелде коронавирустан каза тапты.

Окумуштуулар

Аскар Какеев

Философия илимдеринин доктору Аскар Какеев 25-апрелде 86 жашында каза болду. Какеевди кыргыз философиясынын негиздөөчүсү жана 100дөн ашуун илимий эмгектин автору жана окутуучу болуп аталган.

Шерик Рыскулов

Июнда 42 жаштагы окумуштуу —укук таануучу Шерик Рыскулов дүйнө салган. Өлүмүнүн себеби коронавирус деп аташкан. Рыскулов көп жылдар бою Кыргызстандын укук жана бизнес тармагын өнүктүргөн. 2020-жылдан тартып Улуттук илимдер академиясынын Политологиялык изилдөөлөр борборунун илимий кызматкери болуп иштеп жаткан.

Ташманбет Кененсариев

Тарых илимдеринин доктору Ташманбет Кененсариев июль айында дүйнөдөн кайткан. Окумуштуу 72 жашта болгон. Кененсариев жогорку окуу жайларда тарых, манас таануудан сабак берген.

Шергазы Мамбетов

Техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетов 20-июлда 84 жашында дүйнөдөн кайткан. Мамбетов билим берүүнүн мыкты кызматкери, профессор жана академик, ошондой эле «легендарлуу парламенттин» депутаты болгон.

Саясатчылар жана дипломаттар

Алмазбек Акматов

«Бир Бол» партиясынан депутат Алмазбек Акматов 57 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу 2021-жылдын 1-мартында кабарлашты. Акматов алтынчы чакырылышта гана депутат болгон, ага чейин Эсептөө палатасында жана президенттик аппаратта иштеген.

Токтогул Туманов

Апрелдин башында саясатчы Токтогул Туманов каза тапкан — ал коронавирус менен ооруган. Парламенттик экс-депутаты 55 гана жашта болчу.

Ташкул Керексизов

Экс -депутат, бизнесмен жана меценат Ташкул Керексизов 7-майда 73 жашында дүйнө салган. Керексизов үчүнчү чакырылыштын депутаты болгон, ага чейин финансы министрлигинде иштеген, министр болуп, Талас облусун жетектеген. «Рух-Ордо» жана «Аалам-Ордо» маданият борборлорунун негиздөөчүсү болгон.

Алишер Мамасалиев

Майдын аягында 48 жаштагы саясатчы Алишер Мамасалиев көз жумду. Ал саясатчы катары эле белгилүү болгон эмес — ал билими боюнча юрист, учурунда журналист да болгон. Журналисттик карьерасынын башында «Замана» студиясынын алып баруучусу болгон. Андан соң Бишкек мэриясынын басма сөз кызматында иштеген. Мамасалиев Курманбек Бакиев башкарып турганда азыраак депутат болгон, андан кийин коомдук ишмердүүлүк жана жазуучулар менен алектенген.

Алмаз Рысмендиев

Кыргызстандын Жогорку Советинин экс-депутаты,өндүрүштүн мыкты кызматкери Алмаз Рысмендеев 2 -июлда, 80 жашында каза болгон.

Мукаш Базаркулов

16-июлда советтик партиялык ишмер Мукаш Базаркулов 85 жашында көз жумган. Базаркулов ардактуу мугалим болгон — билим берүүдөгү эмгек жолун дал ошол мугалимдик кызматтан баштап, жылдар өткөндөн кийин Кыргыз ССРинин элге билим берүү министрине чейинки жолду басып өткөн.

Нурказы Кемелбаев

22-июлда Нурказы Кемелбаев дүйнө салган. Ал 81 жашта болчу — дипломатиялык кызматтын ардагери, элчи, профессор, жаш дипломаттардын окутуучусу болгон.

Үсөн Сыдыков

Парламенттин жана Кыргыз ССРнин Жогорку чакырылышынын экс-депутаты Үсөн Сыдыков 28-июлда 78 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салды. Ал мамлекеттик жана коомдук ишмер болчу, ал эми 2005-жылы президенттик администрацияны жетектеп баштаган.

Марат Саралинов

Дипломатиялык кызматтын ардагери Марат Саралинов октябрда 80 жышында каза тапкан. СССР убагында кыргыз ТИМнин башкы катчысы болгон, Египеттеги СССРдин Башкы консулдугунун вице-консулу кызмат ордунда иштеп, СССРдин Нигериядагы консулу болгон. Эгемен Кыргызстандын Кытай жана Дубайдагы элчиси болгон.