Саясий чууларга жана үрөй учурган окуяларга толгон 2022-жыл аяктап баратат. «Клооп» узап бараткан жылда кыргызстандыктардын (алардын эле эмес) тынчын алган окуяларды эскерет.

Казакстандагы январь окуялары

Январдын алгачкы күндөрүндө Казакстандын шаарларында газдын баасы кымбаттагандыктан нааразылык акциялары тутанды. Экономикалык талаптар тез эле саясий өңүткө өтүп, нааразылыкка чыккандар бийликтин отставкасын жана биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алууну талап кылышкан.

5-январда казак өкмөтү отставкага кеткен, бирок бул нааразылыктар толкунун токтото алган эмес, тескери, полиция менен куралдуу кагылыш болгон. Баарынан да Алматыда оор абал түзүлгөн. Бул кырдаалдын шартында президент Касым-Жомарт Токаев нааразылыкка чыккандарды «террорист» деп атап, аларды эскертүүсүз атууга буйрук берип, ЖККУдан жардам сурап кайрылган.

6-январда казак күч органдары «антитеррористтик операция» деген жүйө менен Алматыда демонстранттарга ок ата баштаган. Анда жалпы 238 адам набыт болгон. Алардын ичинен 149 адам, Башкы прокуратуранын пикиринде, «өкмөттүк имараттарга кол салууга катышкан», ал эми 20 адам «капыстан» окко учкан.

Европанын парламенти жана эл аралык укук коргоо уюмдары Казакстанда «тынч акциянын арты менен башталган массалык зомбулук актыларын» айыптап, окуянын келип чыгуу себептерин тыкыр көз карандысыз иликтөөнү талап кылышкан. Бирок Токаев эл аралык иликтөөдөн баш тарткан.

Январь окуяларынын натыйжасында полиция 5 300дөн ашуун кылмыш ишин козгогон, анын ичинен 200ү — адам өлүмдөрү фактысы боюнча козголгон. Узап бараткан жылда казак соттору январь окуялары боюнча миңден ашык фигурантка өкүм чыгарганга үлгүргөн.

Украинадагы согуш

Казакстандагы окуялардан эсибизди жыйганча эле Орусия 24-февралда Украинага ири алкакта кол салды. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөрү Орусияга каршы болуп көрбөгөндөй санцияларды киргизип, миңдеген орус жараны өлкөдөн кача баштады. Кыргызстан алар качып келген өлкөлөрдүн бири болду.

Эл аралык каржы институттары Украинадагы согуштун шартында акча которуулар азайып жана инфляциянын жогорулашынан улам Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли өсөт деп болжошкон. Мындан тышкары, быйыл негизги азык-түлүк продукциялары да кымбаттаган — алардын көбүн Кыргызстан башка өлкөлөрдөн ташып келет.

4-декабрга карата, БУУнун маалыматы боюнча, Украинада 6 702 жай тургун каза таап, дагы дээрлик 10 миң адам жарадар болгон. Бирок уюм курмандыктардын саны алда канча көп болушу мүмкүндүгүн белгилейт. Бул жөнүндө украин бийлиги да айтып келет.

Жапаровдун хансарайы

2022-жылдын апрелинде президент Садыр Жапаров, өлкөдөгү экономикалык кризиске карабастан, сүрдүрүлгөн «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна өз администрациясы үчүн жаңы имарат курам деп, ал тургай капсуласын салганга да үлгүргөн.

Долбоордун так баасы белгисиз, бирок бийликтегилер жаңы имаратка мамлекеттик бюджеттен акча кетпейт, Президенттин иш башкармалыгынын карамагындагы 16 гектар жерди «алмашуунун» эсебинен курулат дешкен. Ошол эле учурда бийлик курулуштун зарылдыгын өлкөнүн «аброюна» тийиштүү маселе, жаңы, заманбап имарат курулуп калса чет элдик делегацияларды кабыл алууда «уят болбойбуз» деп жүйө келтирүүгө аракет кылган.

Темировдун кармалышы

Кыргыз коомчулугу иликтөөчү журналист Болот Темиров кармалып, кылмыш иши козголуп, айыпталып, ал тургай тез арада өлкөдөн депортацияланганга чейин дээрлик бир жыл бою бул окуяларга көз салып турду.

Баары Темиров январда баңгизат менен кармалып, аларды сактоого айыпталгандан башталган. Бул окуя журналист УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү байып жаткандыгы тууралуу иликтөө чыгаргандан кийин эле дароо болгон.

Көп өтпөй Темиров эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. Журналист өзү бир нече жолу баңгизатты тинтүү учурунда салып коюшканын айткан. Кийин Темировго кыргыз паспортун алууда документтерди жасалмалаган жана чек арадан мыйзамсыз кетип өткөн деген кине менен дагы эки кылмыш иши козголгон.

Ал эми сентябрда райондук сот иликтөөчүнү баңгизат сактоо жана мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө байланышкан иштер боюнча актап, бирок документтерди жасалмалоо боюнча күнөөлүү деп тапкан. Анткен менен сот акыркы иш боюнча иштин мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу жаза белгиленген эмес. Мында укук коргоочулар менен активисттердин кубанычында чек жок эле.

Бирок 23-ноябрда Бишкек шаардык соту Темировду кыргыз паспорту жараксыз деп табылгандыктан өлкөдөн чыгарууну чечкен. Чечим угузулары менен милиция журналистти күчтөп залдан чыгарып, аэропортко жеткирип, Москвага уча турган жакынкы каттамга отургузган. Бийликтин бул аракети өлкөдө кайрадан сөз эркиндигине басым жана саясий куугунтук күчөдү деген сөздөргө жем чачкан.

Президенттин бизнес-джеттери

Өлкөдө былтыркы жылдан бери Жапаров эл аралык сапарларга чыккан сайын он миңдеген доллар коротуп жеке бизнес-джет жалдап аткан «зарылчылыгына» нааразы болуп келишет.

2022-жылы Жапаров бериде беш жолу жеке учак жалдаган. Акыркы жолу президент жеке учак жалдап Катарда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатына барып келген. Расмий маалыматка ылайык, бизнес-джетте бир сааттык жолдун баасы эң аз дегенде 6 300 еврого айланат. Бийлик бизнес-джетте учууну «ашкере байлык эмес, зарылчылык», себеби кээ бир өлкөлөрдүн аэропорту Кыргызстандын эски №1 бортун кабыл албай жатат деп түшүндүрүп келет.

Жапаровдун администрациясы учууларына канча акча кеткенин бир да жолу айткан эмес, бирок дайыма бюджеттен учактын майына гана каражат кетүүдө деп келет. Анткен менен анын деле чыгымы белгисиз.Мындан тышкары, Жапаровдун администрациясы 25 млн долларга жеке учактардын бирин лизингге сатып аларын билдирген.

Бийликтин мындай билдирүүлөрү жана болуп көрбөгөндөй ири бюджет таңкыстыгынын шартында миллиондогон долларды учак сатып алууга жумшоо чечими жарандардын нааразылыгын жаратты. Өзгөчө учак сатып алууга деген каражат менен Кыргызстандын электр жарыгын, газ жана көмүр сатып алууга деп 25 млн доллар насыя алганын салыштырып кыжырданышууда.

Чек ара жаңжалы

2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн тарыхында эң эле кандуу куралдуу жаңжал чыккан. Анда эки өлкөнүн ортосундагы чек ара кагылышында биринчи жолу жапырт ок чыгаруучу ракеталар системасы сыяктуу оор куралдар колдонулган.

Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш айылдарынан 130 миңден ашуун тургун үйүн таштап, коопсуз жерлерге кетүүгө аргасыз болгон.

Куралдуу кагылышта 63 кыргызстандык каза таап, дагы 206 адам жарадар болгон. Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киш экенин жазган.

Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптап жатат.

Кемпир-Абадды берүү

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүү тууралуу бийлик 2021-жылы айткан — анда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев алгачкы протоколко кол койгон. Бирок өлкөнүн түштүгүндө бир нече жолу митинг өткөндөн кийин бул маселе унутулган эле.

Маселе кайра 2022-жылдын сентябрында көтөрүлүп, дароо өзгөндүктөрдүн нааразылыгын жараткан. Кемпир-Абаддын коңшу өлкөгө өтүшүнө каршы чыккан активисттерге кысымдар башталганы тууралуу сөздөр дал ошол учурда айтыла баштаган.

Жерлерди берүүгө Бишкекте да каршы чыгышкан, ал түгүл Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, бирок ага мүчө болуп киргендердин баарын комитет түзүлгөн күндүн эртеси эле кармап кетишкен. Кармалган 30 адамдын дээрлик бардыгы активисттер, саясатчылар, укук коргоочулар жана блогерлер. Баары массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн деп айыпталып, бир нече айга камакка алынган.

Андан бери тергөө шектүүлөр массалык башаламандык даярдаганын тастыктаган бир да далил көрсөтө элек, болгону кармалгандар митинг уюштурууну талкуулаганы жаздырылган аудиого таянууда. Бирок ал кылмыш деп эсептелинбейт, тескери — тынч митингдерди өткөрүү укугу өлкөнүн Конституциясы менен кепилденген.

«Кемпир-Абад иши» боюнча жапырт кармоолор болгон күндөн тартып көптөгөн депутаттар, укук коргоочулар жана эл аралык уюмдар бийликтин аракетин айыптап келет. Анткен менен бийлик камактагылар ачкачылык жарыялап, айрымдары өзөрүп, ден соолуктары солгундап, эс учун жоготуп кулай баштаганына карабастан чечимин өзгөртүүгө шашылбагандый. Алар Жаңы жылды жарытарлык шарты жок абакта тоскону калды көрүнөт.