Бишкектин тез жардам кызматынын диспетчери пневмониядан каза болду

Бишкектин Ыкчам медицина борборунун реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов твиттерде 14-июлда тез жардам кызматынын диспетчери Акылай Ажибаева пневмониядан каза болгонун билдирди.

«Ал жаш, шайыр жана ушунчалык шамдагай кыз эле. Бүт диспетчердик бөлүм боздоп ыйлап жатканын көрүп абдан жаман болдум, ошол эле учурда алар чалууларды кабыл алып, чакырган адамдар менен сүйлөшүп жатышты», — деп жазган ал.

Кыргызстанда пневмониядан каза болгон медиктер тууралуу күн сайын кабарланып жатат. Алардын кесиптештери соцтармактарда врачтарга коргонуу каражаттарын жана эмгек акыларын бербей жатышканына даттанышууда. Алар бүт медперсонал эң начар шарттарда алынын бар болушунча иштеп, ошол эле учурда ооруган бейтаптар менен байланышта болуп жатышканын айтышууда.

Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча COVID-19га чалдыккан медицина кызматкерлеринин 2076 учуру катталган. Алардын ичинен 583 медик айыгып чыккан.

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча коронавирустан алты медик каза тапкан. Ведомство бул тизмеге пневмониядан каза болгондорду кошкон эмес, бирок алардын саны кыйла көп.

Медиктердин өлүмү

COVID-19га чалдыгып каза тапкан алгачкы медик болуп Жүзүмкан Көкүмбаева эсептелет. Бишкек шаардык ооруканасынын дарыгери 2-майда 58 жашта кайтыш болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги (ССМ) кабарлаган.

Бирок ага чейин, 5-апрелде Сузактагы психиатр каза болгон. Аны коронавирус жуктуруп алган медиктердин санына кошушкан эмес, анткени ал тапшырган тест вирус бар экенин тастыктаган эмес. Ага ооруканадан тышкары пневмония диагнозу коюлган.

2-июнда Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунда врач фтизиатр болуп эмгектенип келген 59 жаштагы Альберт Исмаилов каза болгон. Исмаиловдо коронавирус чыгып дарыланып аткан, бирок өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон эмес — анын оорусу оор өтүп жаткан. Бул боюнча маалыматты ССМ берген.

30-июнда Ички иштер министрлигинин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча ординатор-врачы Жамал Тазабекова көз жумган. Бул тууралуу ССМ кабарлаган.

Бишкекте 1-июлда амбулатордук хирургия жана өпкө оорулары боюнча адис Мурат Жумабеков 56 жашында каза тапкан. Анда коронавирус жана пневмония аныкталган.

2-июлда Ош облусундагы Ноокат облустук ооруканасынын 70 жаштагы ардагер дарыгери Орозали Абдухалимовдун каза болгону кабарланган. Бул тууралуу ССМ билдирген.

Ошол эле убакта, ошол эле ооруканада аты аталбаган 59-жаштагы медайым каза тапкан. Ал тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлаган.

2-июлда коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алып жаткан оорукананын кабылдамасында медицинанын легендасы Исхар Фунлоэр көз жумган.

Медицинанын профессору Абдиманап Муратов кайтыш болгон.

4-июлда 62 жаштагы педиатр Эдил Сыдыков дүйнө салган — ал Ысык-Көл облустук ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмнүн жетекчиси болгон. Ал реанимацияда төрт күн жаткан. Саламаттык сактоо министрлиги маркумдун коронавируска тапшырган тести көзү өтүп кеткенден кийин тастыкталганын кабарлаган.

Бишкекте акушер Заида Терекбаева дүйнө салган — анын кайтыш болгону тууралуу Кыргызстандын медиктер ассоциациясы билдирген.

6-июлда Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Артыкбай Эралиев жарык дүйнө менен кош айтышкан. Саламаттык сактоо министрлиги анда коронавирус болгонун тастыктаган.

6-июлда Улуттук госпиталдын жогорку категориядагы нейрохирургу, эмгек сиңирген дарыгер Бектемир Мукамбетөмүров эки тараптуу пневмониядан каза болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы басма сөз катчысы Елена Баялинова кабарлаган.

Ошол эле күнү фельдшер Валейри Гаук да кайтыш болгону кабарланган. Ал да пневмония болуп ооруган.

8-июлда Ак-Талаа райондук ооруканасында иштеп жаткан 55 жаштагы хирург Кубаныбек Карагулов дүйнө салган.

Ошол эле күнү Ош облусутук аймактар аралык балдар ооруканасынын ЛОР бөлүмүнүн жетекчиси Жангара Абдыхаликов эки тараптуу пневмониядан каза тапкан.

8-июлда гепатолог инфекционист врач Үмүтжан Мусаева кайтыш болгон. 66 жаштагы маркумда эки тараптуу пневмония аныкталган.

Ысык-Көл облусундагы Түп районунда медайым Чынар Турускелдиева көз жумган, ал 54 жашта болгон.

10-июлда Ош облусттук кан борборунун жетекчиси, жогорку даражадагы дарыгер Осмонали Шамшидов пневмониядан улам каза тапканы белгилүү болгон.

11-июлда КММАнын деканы, медицина илимдеринин доктору Чолпон Калканбаева каза болду. Профессордун өлүмүнө эмне себеп болгону кабарланган эмес. Бирок соцтармактарда ал пневмония менен ооруганы айтылган.

12-июлда аскер дарыгери Ратан Курманбев каза тапты. Анын коронавирустан улам көз жумганын тууганды пабликте билдирген. Башкы штаб дагы бул маалыматты тастыктаган.

13-июлда медфактын бешинчи курсунун студенти, 22 жаштагы Адинай Мурзабекова каза болду. Ал дарыгерлердин жетишсиздигинен улам ишке тартылган эле. Анын өлүмү тууралуу педиатрия кафедрасынын мугалими кабарлаган. ССМ маркум кыз пневмония болгонун билдирген.

13-июлда Ош облусунун Ноокат райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 55 жаштагы жетекчиси Айчүрөк Келдибекова коронавирустан улам каза болгон.

Ошол эле күнү Бишкекте 27 жаштагы кардиолог жана реаниматолог-анестезиолог Жумабай Бекмуратов дүйнө салган. Анын жакындары ал коронавирус жуктурганын айтышууда.

14-июлда Бишкектин тез жардам кызматынын диспетчери Акылай Ажибекова пневмониядан каза болду.

16-июлда хирург-проктолог Турат Кулжабаевдин өлүмү тууралуу белгилүү болду. 45 жаштагы медикте эки тараптуу пневмония аныкталган.