«Ата-Журт Кыргызстандын» өкүлү: Шайлоодо добуш сатып алуу аракеттери болгон жок

Кабылбек Мамбетаипов

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын штаб башчысы Кабылбек Мамбетаипов 28-ноябрда өткөн шайлоо «мурункуларга салыштырмалуу таза, акыйкат өттү» деп билдирди.

«Мен дээрлик 30 жылдан бери шайлоодо иштеп, аралашып келе жатам. Бул шайлоодо административдик ресурс колдонулбаганы жана добуш сатып алуу аракеттери болгон жок. Ошондуктан, бул жолу шайлоодо аз адам добуш бергени менен, мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу таза өттү», — деди Мамбетаипов.

Ошондой эле ал «Ата-Журт Кыргызстан» УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге тиешеси жоктугун билдирген. Ушул эле сөздү партиянын лидери Айбек Маткеримов да КТРКда өткөн дебатта айткан.

Анткен менен журналисттер буга чейин «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен Ташиевди байланыштырган бир нече фактыларды ачыкташкан.

Мисалы, Айбек Маткеримов Камчыбек Ташиевдин айылдашы — ал 2016-жылдан тартып 2020-жылдын октябрына чейин Барпы айыл өкмөтүндө «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп турган.

Ошондой эле Маткеримов 2017-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт» партиясынан талапкер болгон. Өткөн жылдын октябрында жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен аттанган.

Мындан сырткары Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев да Жалал-Абад шаардык кеңешине «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан депутат болуп шайланып, бирок октябрь айынын башында мандатын тапшырган. Муну ал «бизге саясатка аралашууга эрте деп» түшүндүргөн.

БШКнын алдын ала жыйынтыгы боюнча «Ата-Журт Кыргызстан» 16%дан ашуун добуш менен алдыда.

Шайлоо дайындалгандан тарта БШК жана укук коргоо органдарына административдик ресурс жана добуш сатып алуу тууралуу көптөгөн арыздар түшкөн. Алар тууралуу төмөнкү жаңылыктардан биле аласыздар.

Шайлоо өнөктүгү маалында катталган мыйзам бузуулар:

«Азаттык» партиясы жана студенттер. Ош ШИИБи админресурс колдонуу фактысын иликтейт

УКМК: Талапкер Камчыбек Жолдошбаев шайлоочуларды массалык сатып алууну уюштурган

Ноокен: Бактыбек Сыдыковдун үстүнөн БШКга добуш сатып алуу боюнча арыз түштү

«Сарыбашовго үгүттөгөн». Ош улуттук драма театрынын бөлүм башчысы иштен алынды

Айылга спорт шаймандарын сатып берүү. Облустук прокуратура Култаеванын ишин жандантты

«Басым жасаган». «Ишенимдин» талапкери Умарбековдун үстүнөн дагы үч арыз түштү

«30 тонна цемент». Талапкер Өмүрбек Бакировдун өкүлдөрү добуш сатып алууга шектелүүдө

ИИМ «Ыйман Нурунун» үгүтчүлөрүн добуш сатып алууга айыптады. Партия муну четке кагууда

Аламүдүн округунан талапкердин үгүтчүсү добуш сатып алууга шектелип кармалды

«259 миң сом». «Альянстын» тарапташтары «Ата-Журт Кыргызстанды» добуш сатып алууга айыптоодо

Ош: Милиция «Альянстын» үгүтчүсү делген аялды добуш сатып алууга шектеп кармады

Бишкек: Эки киши добуш сатып алууга шектелип кармалды, алардын жанынан 76 миң сом табылды

УКМК: «Бүтүн Кыргызстандын» талапкеринин жолдошу добуш сатып алууга шектелүүдө