Бишкекте COVID-19дан жугуштуу оорулардын дарыгери Шайназар Закиров дүйнө салды

Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын жугуштуу оорулардын дарыгери Шайназар Закиров кайтыш болгонун кабарлады. 53 жаштагы врач 17-июлда коронавирустан дүйнө салды.

Шайназар Закиров Бишкектин Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын жугуштуу оорулардын дарыгери болуп 2012-жылдан тарта иштеп жаткан.

2020-жылы мартта ал коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн түштүк аймактарына жөнөтүлгөн. Бишкекке кайтып келгенден кийин врач Кыргыз-түрк ооруканасында иштеп жаткан.

«Жумушта аны сабаттуу, жардамга даяр, күн-түн дебей оорулууларга жардам берүүгө даяр адам катары баалашчу. Закиров Шайназар Абдукаримович саламаттык сактоону өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир нече жолу Ардак грамоталары менен сыйланган», — деп белгилешти министрликтен.

Өкмөт жумуш учурунда коронавирус жуктурган медиктерге 200 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүүгө убада кылган. СOVID-19 жуктуруп каза тапкан медиктердин үй-бүлөлөрү мамлекеттен 1 млн сом кун алууга укуктуу.

Анткен менен врачтар бүгүнкү күнгө чейин убада кылынган төлөмдөрдү жана кошумча пулдарды алыша электигин айтып арызданышууда.

17-июлга карата өлкөдө медиктердин арасында коронавирус жуктуруулардын саны 2 199 учурга жетти. Алардын ичинен 592 медик айыкты.

Расмий маалыматка ылайык, COVID-19дан сегиз медкызматкер көз жумду. Бирок пневмониядан каза тапкан медкызматкерлердин саны кыйла көп. Саламаттык сактоо министрлиги пневмония жана коронавирус менен ооругандарды өз-өзүнчө эсептеп келген. Ведомство бул статистиканы бириктирүү чечимин 17-июлда араң кабыл алды. Бирок азырынча жаңы статистика боюнча коронавирус жуктурган медиктердин жалпы саны кабарлана элек.

Каза тапкан медиктердин тизмеси

COVID-19га чалдыгып каза тапкан алгачкы медик болуп Жүзүмкан Көкүмбаева эсептелет. Бишкек шаардык ооруканасынын дарыгери 2-майда 58 жашта кайтыш болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги (ССМ) кабарлаган.

Бирок ага чейин, 5-апрелде Сузактагы психиатр каза болгон. Аны коронавирус жуктуруп алган медиктердин санына кошушкан эмес, анткени ал тапшырган тест вирус бар экенин тастыктаган эмес. Ага ооруканадан тышкары пневмония диагнозу коюлган. Кийинчерээк медиктер пандемия маалында күчөп жаткан пневмония — бул COVID-19дун оор өткөн түрү деп билдиришип, июль айынын ортосунда статистикалар бириктирилген. Тизмедеги мындан кийинки медиктердин бардыгы COVID-19дан каза тапкандар болуп саналышат.

2-июнда Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунда врач фтизиатр болуп эмгектенип келген 59 жаштагы Альберт Исмаилов каза болгон.

30-июнда Ички иштер министрлигинин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча ординатор-врачы Жамал Тазабекова көз жумган.

Бишкекте 1-июлда амбулатордук хирургия жана өпкө оорулары боюнча адис Мурат Жумабеков 56 жашында каза тапкан.

2-июлда Ош облусундагы Ноокат облустук ооруканасынын 70 жаштагы ардагер дарыгери Орозали Абдухалимовдун каза болгону кабарланган.

Ошол эле убакта, ошол эле ооруканада аты аталбаган 59-жаштагы медайым каза тапкан.

2-июлда оорукананын кабылдамасында медицинанын легендасы Исхар Фунлоэр көз жумган.

Медицинанын профессору Абдиманап Муратов кайтыш болгон.

4-июлда 62 жаштагы педиатр Эдил Сыдыков дүйнө салган — ал Ысык-Көл облустук ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмнүн жетекчиси болгон. Ал реанимацияда төрт күн жаткан.

Бишкекте акушер Заида Терекбаева дүйнө салган — анын кайтыш болгону тууралуу Кыргызстандын медиктер ассоциациясы билдирген.

6-июлда Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Артыкбай Эралиев жарык дүйнө менен кош айтышкан.

6-июлда Улуттук госпиталдын жогорку категориядагы нейрохирургу, эмгек сиңирген дарыгер Бектемир Мукамбетөмүров эки тараптуу пневмониядан каза болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы басма сөз катчысы Елена Баялинова кабарлаган.

Ошол эле күнү фельдшер Валейри Гаук да кайтыш болгону кабарланган.

8-июлда Ак-Талаа райондук ооруканасында иштеп жаткан 55 жаштагы хирург Кубаныбек Карагулов дүйнө салган.

Ошол эле күнү Ош облусутук аймактар аралык балдар ооруканасынын ЛОР бөлүмүнүн жетекчиси Жангара Абдыхаликов каза тапкан.

8-июлда гепатолог инфекционист врач Үмүтжан Мусаева кайтыш болгон.

Ысык-Көл облусундагы Түп районунда медайым Чынар Турускелдиева көз жумган, ал 54 жашта болгон.

10-июлда Ош облусттук кан борборунун жетекчиси, жогорку даражадагы дарыгер Осмонали Шамшидов каза тапканы белгилүү болгон.

11-июлда КММАнын деканы, медицина илимдеринин доктору Чолпон Калканбаева каза болду. Профессордун өлүмүнө эмне себеп болгону кабарланган эмес. Бирок соцтармактарда ал пневмония менен ооруганы айтылган.

11-июлда Бишкектин 7-поликлиникасынын үй-бүлөлүк доктору Каныш Молдомусаева каза болду.

12-июлда аскер дарыгери Ратан Курманбев каза тапты. Анын коронавирустан улам көз жумганын тууганды пабликте билдирген. Башкы штаб дагы бул маалыматты тастыктаган.

13-июлда медфактын бешинчи курсунун студенти, Адинай Мырзабекова каза болду. Ал дарыгерлердин жетишсиздигинен улам ишке тартылган эле. Анын өлүмү тууралуу педиатрия кафедрасынын мугалими кабарлаган.

13-июлда Ош облусунун Ноокат райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 55 жаштагы жетекчиси Айчүрөк Келдибекова коронавирустан улам каза болгон.

Ошол эле күнү Бишкекте 27 жаштагы кардиолог жана реаниматолог-анестезиолог Жумабай Бекмуратов дүйнө салган. Анын жакындары ал коронавируска кабылганын жана анда пневмония менен депрессия башталганын, мындан кийин өз өмүрүн кыйганын айтышууда.

14-июлда Бишкектин тез жардам кызматынын диспетчери Акылай Ажибекова каза болду.

16-июлда хирург-проктолог Турат Кулжабаевдин өлүмү тууралуу белгилүү болду. 45 жаштагы медикте эки тараптуу пневмония аныкталган.

Ошол эле күнү Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын жетекчисинин дарылоо иштери боюнча орун басары Темиркан Жарматованын өлүмү тууралуу кабарланды. Ал 65 жашында кайтыш болду.

17-июлда Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын жугуштуу оорулардын врачы Шайназар Закиров өлүмү тууралуу белгилүү болду. 53 жаштагы дарыгерде COVID-19 аныкталган.