Ысык-Көл районунун реаниматологу Сарбагыш Иманалиев дүйнө салды

Ысык-Көл аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиев 20-июлда 70 жаш курагында каза тапты. Бул тууралуу маркумдун уулу «Азаттыкка» кабарлады.

Маалыматка ылайык, Иманалиев буга чейин дарылануу үчүн Бишкектин ооруканасына которулган. Маркумда пневмония аныкталган.

Сарбагыш Иманалиев медицина тармагында 36 жылдан ашуун иштеген. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институттун дарылоо факультетин аяктаган. Окууну бүткөндөн кийин кичи мекенине иштөөгө кеткен.

Эскерүү тизмеси

COVID-19га чалдыгып каза тапкан алгачкы медик болуп Жүзүмкан Көкүмбаева эсептелет. Бишкек шаардык ооруканасынын дарыгери 2-майда 58 жашта кайтыш болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги (ССМ) кабарлаган.

Бирок ага чейин, 5-апрелде Сузактагы психиатр каза болгон. Аны коронавирус жуктуруп алган медиктердин санына кошушкан эмес, анткени ал тапшырган тест вирус бар экенин тастыктаган эмес. Ага ооруканадан тышкары пневмония диагнозу коюлган. Кийинчерээк медиктер пандемия маалында күчөп жаткан пневмония — бул COVID-19дун оор өткөн түрү деп билдиришип, июль айынын ортосунда статистикалар бириктирилген. Тизмедеги мындан кийинки медиктердин бардыгы COVID-19дан каза тапкандар болуп саналышат.

2-июнда Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунда врач фтизиатр болуп эмгектенип келген 59 жаштагы Альберт Исмаилов каза болгон.

30-июнда Ички иштер министрлигинин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча ординатор-врачы Жамал Тазабекова көз жумган.

Бишкекте 1-июлда амбулатордук хирургия жана өпкө оорулары боюнча адис Мурат Жумабеков 56 жашында каза тапкан.

2-июлда Ош облусундагы Ноокат облустук ооруканасынын 70 жаштагы ардагер дарыгери Орозали Абдухалимовдун каза болгону кабарланган.

Ошол эле убакта, ошол эле ооруканада аты аталбаган 59-жаштагы медайым каза тапкан.

2-июлда оорукананын кабылдамасында медицинанын легендасы Исхар Фунлоэр көз жумган.

Медицинанын профессору Абдиманап Муратов кайтыш болгон.

4-июлда 62 жаштагы педиатр Эдил Сыдыков дүйнө салган — ал Ысык-Көл облустук ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмнүн жетекчиси болгон. Ал реанимацияда төрт күн жаткан.

Бишкекте акушер Заида Терекбаева дүйнө салган — анын кайтыш болгону тууралуу Кыргызстандын медиктер ассоциациясы билдирген.

6-июлда Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Артыкбай Эралиев жарык дүйнө менен кош айтышкан.

6-июлда Улуттук госпиталдын жогорку категориядагы нейрохирургу, эмгек сиңирген дарыгер Бектемир Мукамбетөмүров эки тараптуу пневмониядан каза болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы басма сөз катчысы Елена Баялинова кабарлаган.

Ошол эле күнү фельдшер Валейри Гаук да кайтыш болгону кабарланган.

8-июлда Ак-Талаа райондук ооруканасында иштеп жаткан 55 жаштагы хирург Кубаныбек Карагулов дүйнө салган.

Ошол эле күнү Ош облусутук аймактар аралык балдар ооруканасынын ЛОР бөлүмүнүн жетекчиси Жангара Абдыхаликов каза тапкан.

8-июлда гепатолог инфекционист врач Үмүтжан Мусаева кайтыш болгон.

Ысык-Көл облусундагы Түп районунда медайым Чынар Турускелдиева көз жумган, ал 54 жашта болгон.

10-июлда Ош облусттук кан борборунун жетекчиси, жогорку даражадагы дарыгер Осмонали Шамшидов каза тапканы белгилүү болгон.

11-июлда КММАнын деканы, медицина илимдеринин доктору Чолпон Калканбаева каза болду. Профессордун өлүмүнө эмне себеп болгону кабарланган эмес. Бирок соцтармактарда ал пневмония менен ооруганы айтылган.

11-июлда Бишкектин 7-поликлиникасынын үй-бүлөлүк доктору Каныш Молдомусаева каза болду.

12-июлда аскер дарыгери Ратан Курманбев каза тапты. Анын коронавирустан улам көз жумганын тууганды пабликте билдирген. Башкы штаб дагы бул маалыматты тастыктаган.

13-июлда медфактын бешинчи курсунун студенти, Адинай Мырзабекова каза болду. Ал дарыгерлердин жетишсиздигинен улам ишке тартылган эле. Анын өлүмү тууралуу педиатрия кафедрасынын мугалими кабарлаган.

13-июлда Ош облусунун Ноокат райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 55 жаштагы жетекчиси Айчүрөк Келдибекова коронавирустан улам каза болгон.

Ошол эле күнү Бишкекте 27 жаштагы кардиолог жана реаниматолог-анестезиолог Жумабай Бекмуратов дүйнө салган. Анын жакындары ал коронавируска кабылганын жана анда пневмония менен депрессия башталганын, мындан кийин өз өмүрүн кыйганын айтышууда.

14-июлда Бишкектин тез жардам кызматынын диспетчери Акылай Ажибекова каза болду.

16-июлда хирург-проктолог Турат Кулжабаевдин өлүмү тууралуу белгилүү болду. 45 жаштагы медикте эки тараптуу пневмония аныкталган.

Ошол эле күнү Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын жетекчисинин дарылоо иштери боюнча орун басары Темиркан Жарматованын өлүмү тууралуу кабарланды. Ал 65 жашында кайтыш болду.

17-июлда Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын жугуштуу оорулардын врачы Шайназар Закиров өлүмү тууралуу белгилүү болду. 53 жаштагы дарыгерде COVID-19 аныкталган.

Ошол эле күнү микрохирург Бакыт Өмүрзаков кайтыш болду.

Мындан тышкары, 17-июлда Бишкектеги 12-ҮМБнин дарыгери Гүлмира Кадырованын өлүмү тууралуу белгилүү болду. Бул тууралуу анын кесиптештери билдиришти.

Эмгек сиңирген дарыгер Бейшекан Калиева 18-июлга караган түнү инфекциялык оорукананын реанимациясына көз жумду.

18-июлда Ысык-Көл облусунун райондук поликлиникаларынын биринин башчысы Бүбүайым Жээнбаева Чолпон-Ата ооруканасында каза болду.

Сузак районундагы Октябрь үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 64-жаштагы жетекчиси Сыядакан Конурбаева 19-июлда жандандыруу бөлүмүндө каза болду — ал пневмонияга чалдыккан.

Ошол эле күнү жана ошол эле райондо 68-жаштагы терапевт Анар Чимбердиева пневмониядан улам көз жумду.

19-июлда Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө дарыгер хирург, доцент Эрмек Носинов дүйнө салды. 46-жаштагы дарыгердин өлүмүнүн так себеби айтылган жок, бирок ал коронавирустан улам каза болуусу ыктымал.

19-июлда Чүй облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун дарыгери Гүлиза Тыналиеванын өлүмү тууралуу белгилүү болду. Ал пневмонияга кабылган.

Ушул эле ооруканада рентгенолог болуп иштеген Раиса Тесленко 20-июлда көз жумган. Анын өлүмүнүн себептери тууралуу белгилүү эмес.

21-июлда Бишкекте уролог Жаныбек Мамбетов 59 жашындапневмония диагнрзу менен каза болду.

Ал эми үч күндөн кийин 24 июлда Ош облусунун Араван аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Жорахан Акимжанов каза болду. Анда коронавирус аныкталган.

Ошол эле күнү Бишкекте №1 шаардык клиникалык оорукананын дарыгери Бегаим Исакова каза болду.

Акушер Мукаддас Дехканованын өлүмү тууралуу анын кесиптештери билдиришти. Өлүмдүн себеби айтылган жок, бир гана анын «узакка соулган оорудан улам» каза болгону белгилүү.


26-июлда Чүй районунун Үй-бүлөлүк медицина (ҮМБ) борборунун директорунун орун басары Гүлжамал Жумабаева кайтыш болду. Жумабаевада ооруканадан тышкары пневмония аныкталган.