Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавынынын ортосундагы чек ара жаңжалдарынын бири. Сүрөт: RFE/RL

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдар эки өлкө тең эгемендик алгандан бери токтобой келет. Жаңжалдар көбүнесе республикалардын ортосундагы чек ара кай жерден өтүшү керектигине байланышкан себептерден улам чыгат — мында Тажикстан өткөн кылымдын 20-30-жылдарындагы советтик карталарга таянса, Кыргызстан 50-жылдардагы картага таянып келет.

1991-жылы эгемендик алгандан кийин Кыргызстан менен Тажикстан бүгүнкү күнгө чейин чек араларын делимитация жана демаркациялоо иштерин бүтүшө элек. Абалды Кыргызстандын аймагында Тажикстандын анклавдары бар болгону оорлотот.

Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасынын жалпы узундугу 972 километрди түзөт, азыр анын ичинен 600 кмга жакыны гана макулдашылган.

Бирок азыр такташуу процесси жүрүп жаткан чакта чек аралар такталбагандыктан эки өлкөнүн тургундары менен аскер кызматкерлеринин ортосунда утур-утур чек ара чырлары чыгып турат. Кагылышуулар суу, жер жана коммуникацияларды талашуудан улам болот. Ошол эле учурда эки тарап тең курал колдонгон учурлар байма-бай кездешет, бул өз кезегинде көптөгөн адамдын өлүмүнө алып келет.

Ар бир жаңжалдан кийин тараптар абал «турукташты», «жөнгө салынды» же жергиликтүүлөргө «түшүндүрүү иштери» жүргүзүлдү деп көп эле айтышат. Бирок кагылыштар уланып, бирган сайын өтө эле опурталдуу болуп баратат.

«Клооп» Кыргызстан менен Тажикстандын акыркы беш жыл ичиндеги жаңжалдары тууралуу айтып берет.

2018-жыл

Февраль

8-февралда тажик чек арачылары бир тараптуу эки көзөмөл-өткөрмө түйүнүн жаап, чек арада аскерлерди коюп алышкан. Чырдын чыгуусуна кыргызстандыктар Баткен облусунун Лейлек районундагы Сада айылынын аймагында чек аранын талаштуу тилкесинде Гулякандоз каналы аркылуу мектеп окуучулары үчүн көпүрө курушканы себеп болгон.

Бир күндөн кийин көзөмөл-өткөрмө түйүнү ачылып, Кыргызстан менен Тажикстандын бийлиги Гулякандоз каналы аркылуу жаңы көпүрө курууну макулдашышкан. Ага чейин жергиликтүүлөр каналдан көпүрө катары орнотулган контейнер аркылуу өтүп жүрүшчү.

Гулякандоз каналынун үстүндөгү контейнер көпүрө. Сүрөт: RFE/RL

Тажик тарап болсо ал күнү чек арада кандайдыр бир чыр чыкканын такыр эле четке каккан болчу.

Апрель

3-апрелде Үч-Дөбө кыргыз айылынын менен Тажикстандын Хожа-Аъло айлынынын тургундарынын ортосундагы жаңжалга дубалдын курулушу себеп болгон.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз айылынын тургуну чек аранын такталбаган тилкесинде дубал куруп жатканын билдирген. Бул тажик айылындагы коңшуларды нааразы кылган. Мындан улам кайым айтыш чыгып, эки тараптан тең 50 адам чырдаша баштаган. Алар бири-бирине таш ыргытышкан.

Май

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажикстандык төрт аскер 12-майда Кыргызстандын Баткен облусуна караштуу Сада айылына кирип келип, тургундардын документтерин текшере баштаганын кабарлаган. Тургундар милиция чакырышкан.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик кесиптештери кызматкерлери үчүн кечирим сурашканын билдиришкен — ал жактан чек арачылар документтерди текшерүүдө аймакты адаштырып алган деп айтышкан. Ал эми тажик тарап чек арачылары чек араны бузганын четке каккан.

Июнь

«Азаттык» басылмасы маалымдагандай, 4-июнь күнү Баткен облусунун Лейлек райондундагы «Футбол аянты» деген тилкеде соода кылып жаткан кыргызстандыктарды тажик аскерлери кууп чыгышкан.

Кыргызстандыктар менен тажик аскерлеринин ортосунда чуу чыга баштаганда аларды Кыргызстандын чек арачыларынын күзөтү токтотуп калган — алар тажикстандыктарды кармашкан.

Көп өтпөй эле коңшу өлкө кыргызстандыктарды чагымчылдыкка айыптаган. Эки күндөн кийин эки өлкөнүн чек арачылары сүйлөшүү жүргүзүп, чек арада тынчтыкты биргеликте сактоону макулдашышкан.

Июль

20-июлда тажик аскерлери Ворух анклавы аркылуу өткөн тилкеден Кыргызстандын төрт жаранын кармап кетишкен. Кармалгандардын ичинен экөөсү чек арачы болгон.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдирүүсүнө ылайык, тажик чек арачылары кармалгандарга күч колдонуп, алардын бирин сабап салышкан.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин кармалгандар бошотулуп, арадан бир ай өткөн соң кыргыз чек арачыларын мыйзамсыз кармашканы үчүн тажик аскерлери жоопкерчиликке тартылган.

Сентябрь

12-сентябрда, «Озоди Радиосунун» маалыматына ылайык, Тажикстандын Тожикон айылынын тургундары Ворух анклавынан суу түтүгүн өткөрүүгө аракет кылып, ага кыргызстандыктар тоскоолдук кылышкан.

Ок атышуу болгон эмес. Бирок кыргыз чек арачылары чек ара сызыгына жакын келип, жумушчулардын жана тажик айылынын тургундарынын аракетине көз салышкан.

2019-жыл

Март

13-мартта Баткен облусундагы чек арага жакын Ак-Сай жана Ворух анклавындагы Мехнатабад айылдарынын тургундары бири-бирине таш ыргыта башташкан. Кийин эки өлкөнүн аскерлеринин ортосунда ок атышуу да башталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын версиясы боюнча, жаңжал кыргыз бийлиги Ворух анклавын айланып өткөн Ак-Сай — Тамдык авто жолун куруп жаткандыктан чыккан.

Тажик бийлигинин маалыматында, чыр-чатакта эки жараны каза таап, 11 адам жабыркаган. Ал эми кыргыз тарап өз жагынан эки адам жарадар болгонун билдирген. Эртеси күнү ок атышуу токтогон.

Апрель

22-апрелде Ак-Сай айылы менен Ворух анклавынын тургундарынын ортосунда кайрадан чатак чыккан. Ага тажик жараны кыргыз баланы анклавга алып кирип кеткени себеп болгон.

Кыргыз чек арачыларынын маалыматына ылайык, коңшу өлкөнүн жараны бала экскаватордун терезесин таш менен чаап сындырып салган деп түшүндүргөн. Ал баланы тажик милициясына өткөрүп берип, алар болсо аны кыргыз кесптештерине кайтарып беришкен.

Бул ак-сайлыктарды кыжырданткан, бирок чек арачылар абалды жөнгө салып, тургундар үйлөрүнө таркап кеткен.

Кийин Баткен ОИИБи баланы Ворухтун аймагына алып кирип кеткен кишини кармап, кылмыш ишин козгошконун кабарлаган.

Анда Тажикстандын «Азия Плюс» басылмасы чек арадагы чырды Ак-Сай айлынын тургундары баштаган, алар тажикстандыктардын тракторлору менен унааларына таш ыргытышкан деп жазган.

Июнь

18-июнда, Кыргызстандын Чек ара кызматынын версиясы боюнча, Тажикстандын жарандары Баткен облусундагы Исфана — Ак-Сай — Ворух жолун бир саатка торошкон.

Буга тажик тараптын Таш-Тумшук калктуу конушундагы такталбаган жер тилкесинде кыргыз тарап менен макулдашпай туруп асфальт төшөй баштаганы себеп болгон.

«Тажик жарандары Кыргызстандын чек арачыларынын иштерди токтотуу тууралуу талаптарына баш ийбей, жаңжалдын чыгышына себепкер болушкан», — деп билдиришкен анда Чек ара кызматынан.

Тажик бийлиги болсо жол иштери бир гана өздөрүнүн аймагында жүргүзүлүп жатканын айтып көшөргөн.

Июль

22-июлда Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажиктстандын Ворух анклавынын тургундарынын ортсунда кайрадан чыр чыккан.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын версиясы боюнча, ага Ворух анклавынын кире беришине тажик жарандары флагшток орноткону себеп болгон. Кыргызстандыктар Ворухтун тургундары тактала элек тилкеге флагшток орнотконуна нааразы болушкан.

Тажикстандын версиясы боюнча, Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары «Ворух анклавынын аймагына желек орнотууга тоскоолдук жаратып, жерди өз билемдик менен казып, Кыргызстандын туусу менен “Ак-Сай” деген жазуусу бар тактаны орнотуп алышкан».

Натыйжада эки өлкөнүн жарандары кайым айтышып, ал бири-бирине таш ыргытууга, көп өтпөй ок чыгарууга чейин жеткен. Кыргызстандын чек ара кызматы чыр учурунда катардагы жарандар мергенчилик куралдар менен атышышканын билдирген.

Эртеси күнү жаңжал чыккан жерден 300дөн ашык кыргызстандык коопсуз жайга көчүрүлгөн. Кийин алардын саны абал нугуна түшкүчө 674 адамга жеткен.

«Кызыл жарым ай» коомунун ыктыярчылары Ак-Сайдан эвакуацияланган адамдарга жардам берип жатышат. 2019-жыл. Сүрөт: «Кызыл жарым айдын» Кыргызстандагы басма сөз кызматы

Кыргыз бийлигинин маалыматына ылайык, жаңжалда 17 киши жабырган, айрымдары октон жарадар болгон. Ал эми тажик тарап бир киши каза таап, он киши жабыркаганын билдирген.

Бул жаңжалдан кийин кийин эки өлкөнүн президенттери, Кыргызстандын ошол учурдагы башчысы Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жаңжал чыккан аймакта чек арачылардын санын көбөйтүү макулдашышкан.

Август

24-августта Жаңы-Жер айылдык кеңешинин Борбордук деп аталган аймагына Кыргызстандын 15ке жакын жана Тажикстандын 20 чакты жараны чогулушкан. Тажикстандыктар кыргыз жаранынан дубалдын курулушун токтотууну талап кылышкан. Тажикстандыктардын пикиринде, кыргызстандыктын үйү талаштуу жерде жайгашкан.

Тажикстандыктар дубалды бузуп кетүүгө аракет кылганда кыргыз чек арачылары келген. Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик жарандары кыргыз аскерлерине таш ыргытып, куралдарын тартып алууга аракет кылышканын айткан. Чек арачылар асманга эки жолу ок атышкан соң тажиктер чыр чыккан жерден кетишкен.

Ошол эле күнү дагы бир жаңжал чыгып кете жаздаган — Тажикстандын Ходжа Ходжа айылынын тургундары Ак-Сай — Көк-Таш жолунун курулушуна каршы чыгып чек арага жакын жерге чогулушкан. Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, аларды тажик кесиптештери түшүндүрүү иштери аркылуу токтотуп калган.

Кийин, 31-августта, чек арада дагы бир жаңжал чыккан. Эки өлкөнүн жарандары кайрадан бири-бирине таш ыргыта башташкан. Буга тажик тараптын такталбаган жер тилкесинде асфальт төшөп баштаганы себеп болгон. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин бул иш токтотулган.

Сентябрь

16-сентябрда Лейлек районунун Максат айылына жакын чек ара тилкесинде эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болгон.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, куралды биринчи тажик тарап колдондон. Ал эми тажик тарап болсо чек арада абал кыргыз аскерлеринин айынан, «кыргызстандыктар буга чейин кол коюлган келишимдерге карабастан белгисиз курулуш иштерин баштагандыктан» курчуп кеткен деп билдирген.

Бул жаңжалда кыргыз тараптан бир киши каза таап, 13ү жарадар болгон. Тажик тараптын маалыматына ылайык, алардын 3 жараны каза таап, 12си жарадар болгон.

Декабрь

18-декабрда Тажикстандын Сомониён жана Кыргызстандын Көк-Таш айылынын тургундары бири-бирине таш чабышкан. Жаңжалга эки өлкөнүн чек арачылары киришүүгө аргасыз болгон. Жериндеги сүйлөшүүлөр кийин ок атышууга өткөн.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алты кыргызстандык жарадар болгон, алардын экөө октон жарадар болгон. Жабыркагандардын төртөө — аскер кызматкерлери болсо, бирөө — жергиликтүү кеңештин депутаты, бирөө — жай тургун болгон. Тажик тараптан үч киши жабыркаганы кабарланган.

Бул чыр бир нече себептен улам чыкканы айтылган, алардын бири — кыргыз жаранынын тажикстандыктар тарабынан сабалышы. Ал эми коңшу республика кыргызстандыктар байкабай Кыргызстандын аймагына кирип кеткен мектеп окуучуларын сабашкан деп айтыптаган.

Ага чейин эки күн мурда, «Озоди радиосунун» билдиришинче, Көк-Таш айылынын тургундары Ворухта тажик чек арачылары алардын айылдашын кармап алганына жооп кылып тажик тараптын жолун тосушкан. Кыргызстандыктан айылдашын бошотууну талап кылышкан, бирок коңшу өлкөнүн чек арачылары талапты этибарга албай коюшкан.

Кыргызстандын чек арачылары жаңжалга эки мамлекеттин жарандары чек аранын такталбаган жеринде дубал тургузуп алышканы дагы түрткү болгон дешкен. Сүйлөшүүлөрдөн кийин чыр токтоп, тосмолор алынган.

2020-жыл

Январь

Кыргызстандын ИИМи билдиргендей, 10-январга караган түнү Баткен районунун Жака-Өрүк аймагындагы Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда Тажикстандын жарандары эки кыргызстандыктын унаасына таш ыргытышкан. Кийинчерээк аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү кечинде Көк-Таш айылына жакын Тажикстан тараптан ок атуулар угулган. Жабыркагандар тууралуу айтылган эмес. Бирок Кыргызстандын күч түзүмдөрдү түндө баары бир деле тургундарды эвакуация кылган.

Май

8-майда эки өлкөнүн жашоочулары Чек аймагындагы такталбаган жер тилкесинин айынан тартыша кетишкен. Кыргызстандын Чек ара кызматы маалымдагандай, сүйлөшүүлөр жана түшүндүрүү иштери жүрүп жатканда тажик тарап күтүүсүз жерден эле миномёёттордон ок чыгарган. Тажикстандын өкмөтү болсо окту кыргыз тарап чыгарды деп билдирген.

Ок атышуудан төрт кыргызстандык — үч чек арачы жана бир жай тургун — жарадар болгон. Тажик тараптан эки киши жабыркаган.

24-майда Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавынын чегинде жайгашкан Мойнок жайытында ок атышуу болгон. Анда Кыргызстандын Чек ара кызматынан анклавдын тургундары Кыргызстандын аймагындагы жайытка мал жаюуга аракет кылышканын, ал эми кыргызстандыктар аларга жолтоо боло баштаганда тажик аскерлери кыргыз чек арачыларына ок ата баштаган.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, аталган чырда кыргыз тараптан жабыркагандар болгон эмес. Ал эми тажик бийлиги бир чек арачысы жарадар болгонун кабарлаган.

Октябрь

25-октябрда Тажикстандын Хожа Ало айылынын тургундары суу түтүгүн тартып барууга аракет кылышкан, ал эми кыргыз чек арачылары, алардын өздөрүнүн маалыматына ылайык, чек аранын такталбаган тилкесинде иш жүргүзүүнү токтотууну талап кылышкан.

Тажикстандын жарандары кыргыз аскерлеринин талабын аткаруудан баш тартышканда кыргыз тараптын чек арачылары асманга ок чыгарышкан.

Тажик тарап кыргыз чек арачыларынын аракетин чагым деп атаган. Анда жарадар же жабыркагандар болгон эмес.

2021-жыл

Апрель

28-апрелде Кыргызстандын Көк-Таш айылы менен Ворух анклавынын тургундары «Головной» суу бөлүштүрүүчү каналына байланыштуу чырдаша кетишкен. Кыргызстандыктар ал жерден тажик тарап орноткон камераларды алууну талап кылышкан.

Суу бөлүштүрүүчү тосмо Баткен облусунун аймагындагы Төрткүл суу сактагычынын башында жайгашкан. Аталган суу сактагыч сугат учурунда Баткен районунда жана Баткен шаарында 11 миң гектар айдоо жерин сугат суусу менен камсыздайт. 1991-жылы кабыл алынган келишимге ылайык, Төрткүл суусактагычындагы суунун 37%ын Кыргызстан, ал эми 63%ын Тажикстан пайдаланат.

«Головной» суу тосмосу. Сүрөт: RFE/RL

Жаңжалда эки өлкөнүн жарандары бири-бирине таш ыргыта баштап, кийин ок атуулар угулган. Ок атууну кимиси биринчи баштаганы белгисиз — эки өлкөнүн тең бийлиги бири-бирин күнөөлөгөн.

Эртеси күнү чек арага жакын аймакта миномёт жана куралдардан ок атыла баштаган. Кыргызстандын бийлиги тургундарды чукул арада эвакуация кылган. Атышуу эки мамлекеттин бийлиги ок атууну токтотууну сүйлөшүп жатканда дагы кечке чейин токтогон эмес. Буга карабастан ок атуулар 30-апрелге чейин уланган. Ок атышууну биротоло токтотуу келишими 1-майда гана, кайрадан сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин токтогон. Ал эми кошумча күчтөрдү мамлекеттик чек ара сызыгынан жылдырып кетүү иши 3-майда гана аяктаган.

Өкмөттүн ошол учурдагы Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Согди облусунун губернатору чырга себеп болгон камераларды алууга макул болгонун, бирок Исфара районунун акими жетекчилигинин буйругуна баш ийбегенин айткан.

Тажикстандын чек ара кызматы чырдын күчөп кетишине Баткен облусунун акими Акылбек Орозовду айыптаган. Алардын айтымында, «Кыргызстандын бийлиги алыскы аймактардан жарандарын алып келип, улуттар аралык кагылышууга шыкактаган».

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жаңжалда 36 киши, анын ичинде эки бала курман болуп, дагы 154 адам жабыркаганын билдирген. Тажик тарап болсо 19 жараны каза болуп, 87 адам жарадар болгонун кабарлаган.

Бул жаңжалда кыргыз айылдарындагы жүздөн ашык турак жай, эки мектеп жана оорукананы кошуп инфраструктуралык объектилер өрттөлүп же талкаланган. Тажик бийлиги 15 үй жабыркап, бир мектеп жарым-жартылай зыянга учураганын айткан.

Кийин, 2021-жылдын сентябрында, Баткен облусунун Лейлек райондук соту Тажикстандын эки, Кыргызстанжын үч жаранын чек ара чырында кылмыш жасоого күнөлүү деп тапкан. Алардын бири өмүр бою эркинен ажыратылган.

2022-жыл

Январь

Кезектеги чек ара чыры 27-январда, Баткен облусунун Төрт-Көчө аймагында болгон. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Туллаев Тажикстандын жарандары чек арага жакын жерде курулуш башташып, кыргыз милициясы алардан курулушту токтотууну талап кылганын билдирген. Анын ордуна тажикстандыктар ал жерден өткөн жолду тосуп алышкан.

Чыр-чатак жөнгө салынганы менен эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда дээрлик дароо ок атышуу башталып кеткен. Мында дагы эки өлкөнүн бийлиги ок атышууга бири-бирин күнөөлөгөн.

Бул атышууда кыргыз тараптан 11 аскер жарадар болгон, ал эми тажик тараптан эки адам каза таап, 10 киши жабыркаган, алардын төртөө жай тургундар.

Ал күнү Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап миномёт жана гранатомёттордон ок чыгарганын айтып, бул окуяны Тажикстандын чек ара аскерлеринин «чагымы» деп атаган. Коңшу тарап болсо муну четке кагып, жаңжал үчүн жоопкерчиликти Кыргызстанга оодарган.

Түнгө жакын Кыргызстандын Чек ара кызматы эки тарап ок атууну толук токтотуп, жаңы жаңжалдар чыкпашы үчүн чек араны биргеликте күзөтүүнү макулдашышканын билдирген.

Февраль

Кыргызстандын Чек ара кызматы 11-февралда Максат айылынынын алдында тургундар айыл-чарба иштери менен алек болуп жатканда Тажикстандын 15-20 чакты жараны келип жумушту токтотууну талап кылышканын билдирген. Ошол эле кезде кыргыз чек арачылары тажикстандыктарды «чек аранын такталбаган жеринде дубал тургузуу үчүн фундамент куя баштаган» деп айыптаган.

Жергиликтүү бийлик иштин баарын токтотуп турууну макулдашкан соң, чогулгандар үйлөрүнө тарап кеткен.

Март

10-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда 10 мүнөткө созулган атышуу болгон. Кыргызстандын Чек ара кызматы бул окуя Баткен районунун Тескей деп аталган жерлигиндеги такталбаган тилкеде болгонун билдирген. Кызматтын маалыматына ылайык, тажик чек арачылары аддатагы жолунан четтеп кыргыз кесиптештерин кезиктиришкен.

Тажикстандык аскерлер кыргыз чек арачыларынан аймактан чыгып кетүүнү талап кылышкан. Аларга кошумча күч келип, ок атышуу башталып кеткен. Бирок кыргызстандык чек арачылар жооп кайтарышкан.

Кыргыз бийлигинин версиясы боюнча, бул атышууда кыргыз тараптан эч ким жабыркаган эмес. «Озоди радиосу» жергиликтүү тургундарга таянып, бир чек арачы каза таап, бир жай тургун жарадар болгонун кабарлаган.

Апрель

12-апрелде Кыргызстандын Достук айылына жакын жерде эки өлкөнүн чек арачыларынын кезектеги атышуусу болгон. Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик аскерлери айылды, андан соң кыргыз аскерлерин дагы миномёттон аткылаганын билдирген. Достук айылынын тургундары «Азаттык» басылмасына снаряддардын бири турак үйлөрдүн биринин короосуна түшкөнүн айтып беришкен.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги эки киши жарадар болгонун, алардын бири жергиликтүү тургун экенин билдирген. Тажикстан өз тарабынан бир чек арачы жабыркаганын айткан.

Июнь

3-июнда Булак-Башы жерлигинде ок атышуу болгон. Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик аскерлери «чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Кыргызстандын аймагына кирип кеткенин» билдирген. Ошондой эле, кызматтын маалыматына ылайык, тажик тарап чек ара сызыгына аскердик техникаларын алып келген.

Кыргыз аскерлеринин Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү талабын аткаруунун ордуна тажик аскерлери ок чыгарышкан деп билдиришкен кыргыз чек арачылары. Андан кийин эки өлкөнүн ортосунда атышуу башталып, тажик тарап миномётторду колдонгон.

Тажикстандын версиясы боюнча, атышуу кыргыз чек арачылары коңшу өлкөнүн көзөмөлүндөгү жерге кирип, андан чыгып кетүү талабына баш ийбей койгондуктан башталган.

Атышуу ошол эле күнү токтогону менен эки кыргыз аскери жарадар болгон. Тажик тараптан дагы бир аскер кызматкери жабыркаган.

Ошол эле жерде 14-июнда чек арачылардын ортосунда дагы бир атышуу болгон. Кыргызстандын Чек ара кызматы курмандыктар жана жабыркагандар жоктугун кабарлаган. Тажик тарап бир чек арачы каза тапканын билдирген.

Сентябрь

14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында үч жерде, Булак-Башы, Как-Сай жана Паскы-Арык жерликтеринде атышуу башталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз аскерлери тажик тарап миномёттор менен аткылагандандыктан алар да ок чыгарышканын билдирген. Өз кезегинде тажик тарап кыргыз чек арачылары биринчи ок чыгарды деп айыптаган.

Ок атышуу токтогондон кийин эки өлкөнүн өкүлдөрү абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү башташкан. Бирок 16-сентябрда Кыргызстандын Чек ара кызматы куралдуу кагылыш кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча башталганын кабарлаган.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чек арадагы райондордун тургундарын коопсуз жайга көчүргөн. Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тажик тарап Кыргызстандын жерин басып алууга аракет кылып жатканын билдирген.

Бийлик сүйлөшүүлөргө киришип, ок атышууну токтотуу келишими кабыл алынганына карабастан Кыргызстандын чек арачылары 17-сентябрда Тажикстан тараптан аткылоо башталганын, бул ирет ал Ош облусунун Чоң-Алай районун карай болуп жатканын байкашкан.

Бул ирет дагы тажик бийлиги ок атууну токтотуу режимин кыргыз тарап бузуп, Чоркух жана Чоркишлак айылдарына аткылады деп маалымат тараткан.

Бир нече күнгө созулган куралдуу кагылышта кыргыз тараптан 59 киши курман болуп, 200 чукул адам жабыркаган. 140 миңге жакын жергиликтүү тургун эвакуацияланууга мажбур болгон. Тажик бийлиги 41 киши каза болуп, 20 адам жабыркаганын билдирген.

ӨКМдин маалыматы боюнча, куралдуу кагылыштаын кесепетинен Баткен районунда 365 турак үй, 168 чарба курулушу, ошондой эле социалдык имараттар, жашоо тиричилигин камсыздоо жана стратегиялык объектилер жабыркап жана өрттөлгөн. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жалпы зыянды болжолдуу 1,5 млрд сом деп баалаган.

Президент Садыр Жапаров 19-сентябрды улуттук аза күтүү күнү деп жарыялаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары 19-сентябрда чек арадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюп жатышат. Сүрөт: Кыргызстандын УКМКнын басма сөз кызматы

18-сентябрга карата эки өлкөнүн бийлиги аскерлерди артка алып кетүүнү макулдашышкан. 20-сентябрга карата чек арадагы абал салыштырмалуу турукташкан, ал эми эки тараптын бийлиги куралдуу кагылышка бири-бирин айыптоону улантышууда.